Өткөн жуманын соңунда “Кыргыз Туусу” гезитинин демилгеси менен редакциянын жыйындар залында “Кыргыз жараны” улуттук иденттүүлүк концепциясын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз жараны ким жана кандай болушу керек?” – деген теманын алкагында кереге кеңеш өттү.
Жыйынга Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, педагогика илимдеринин доктору Назаркул Ишекеев, философия илимдеринин доктору Жамгырбек Бөкөшов, философия илимдеринин доктору Нур Саралаев, филология илимдеринин доктору Венера Акматова, Манас академиясынын жооптуу катчысы Чынара Салиева, төкмө акын Садырбек Турдубек уулу, википедиячы Чоробек Сааданбеков катышты. Кереге кеңешке гезиттин башкы редакторунун орун басары Керим Айдаров модераторлук кылды.
Марат ТАГАЕВ:
– Бүгүнкү кереге кеңеш «Кыргыз Туусу» гезитинин имаратында өтүп жатканы маанилүү. Биз мындай жыйындарга көп эле катышып келебиз, ал 3 мүнөттүк кыска репортаж менен гана чагылдырылып калат. Бүгүнкү иш-чара гезиттин алдыдагы сандарына чыгып, элибизге миңдеген тираж менен жайылтылат.
«Кыргыз жараны» концепциясынын жыйынтыгын 2026-жылы чыгарып, андан ары кандай иш кылабыз дегенди быйыл талкуулашыбыз кажет. Кийинки 5 жылдыкта кандай иштерди жасайбыз деп пландоого бүгүнкү кереге кеңештин өтүп жатканы абдан маанилүү.
«Кыргыз жараны» деген концепцияны Кыргызстандагыдай жакыр, экономикасы чабал мамлекетте ишке ашыруу абдан кыйын экендиги баарыбызга маалым болуп турат. Өзгөчө титулдук улут болгон кыргыздар башка улуттарга үлгү болуп жатабызбы? Себеби концепциянын аты титулдук улуттун атынан чыгып жатпайбы? Биздин башка улуттар кыргыздардай болгусу келеби же келбейби? Өзүбүздү жооткотуп, алдап айткан менен андай көрүнүш тилекке каршы жок. Ошондуктан эң биринчи бийликтин жоопкерчилиги, экономиканы көтөрүп, элибиздин турмушу оңолуп, анан башка улуттар дагы кыргыздардай болгусу келген, ошону менен сыймыктана турган абалга жетишибиз керек деп ойлойм. Биз башка улуттарга «Кыргыз жараны» бол деп айтуудан мурда, биз өзүбүз улут болуп калыптанып, коомдук аң-сезимди калыптандырышыбыз кажет. Биз алгач өзүбүздү Салижан Жигитов сыяктуу сын көз караш менен карай билишибиз керек. Антпесе, жакшы сөздөр айтылганы менен жалпы максатка жетпей калышы мүмкүн. «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашырууда көп улуттуу мамлекет экенибизге, көп улуттуулук биздин кемчилик эмес, тескерисинче артыкчылык экенине басым жасашыбыз кажет. Башка улуттардын кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө, кыргыз элинин калыптанышына, керек болсо, ашканадан баштап, экономикасына чейин алардын кошуп жаткан салымынын көп экенине басым жасашыбыз зарыл деп ойлойм. Айрыкча мамлекеттик кызматтарда, парламентте болобу көбүрөөк башка улуттардын өкүлдөрүн алып келип, өзүбүз менен кошо ала жүрүшүбүз абзел. Себеби, алардын коомдук аң-сезими ошол жактан дагы калыптанат. Биз ошол жактагы акыркы мезгилдеги алешемдиктерди жоюшубуз зарыл. Мисалы, Кыргызстанда көптөгөн улуттар бар, бирок, ЖКда башка улуттун өкүлдөрү жокко эсе. «Эми шайлансаң келесиң да», – дебестен, мамлекеттик саясат ошол багытта жүрүшү керек. Ал улуттун өкүлдөрү бүгүнкү парламентте отурушу керек деп эсептейм. Титулдук улут катары маданиятыбызды, тарыхыбызды аларга жайылтуу үчүн үлгү болушубуз зарыл.
Учурда көңүлүмдү өйүгөн бир маселени айта кетпесем болбос. Ж. Абдрахманов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Кыргызтелеком» ишканасынын имаратын унаа токтотуучу жай кылуу боюнча бир архитектор маселе көтөрүп чыкты. Эми ошону окуган башка улуттун өкүлү «Кыргыз жараны» болгусу келеби? Бишкектин так ортосунда унаа токтотуучу жай кылам дегени кандай, андай архитектор иштебеши керек да? Урматтуу Сүйүнбек Сапарбекович, сиз өзүңүз бул маселени көңүлгө аласыз деп ойлойм. Башка улуттун өкүлү ошол жерден өтүп баратып унаа токтотуучу жайды көрсө, кыргыздардын архитектурага, маданиятка, тарыхка кылган баасы ушул да деп айтат го. Менин оюмча, «Кыргыз жараны» деген концепция жөн гана кагаздагы сөздөн эмес, биздин мамилебизден келип чыгышы керек. Биз өзүбүздү-өзүбүз сыйлашыбыз керек. Дүйнөлүк глобалдашуу мезгилинде биз кыргыз деп гана алектенип калбастан, дүйнөлүк процесстерге кеңири аралашып, алардын жакшы жактарынын бардыгын алып, көчмөн турмуш эмес, отурукташкан кыргыз элинин маданиятын калыптандыруу мезгили келип жетти.
Кыргыз тили боюнча бир топ маселе бар, бирок, менин оюмча Кыргызстандагы башка улуттар бардыгы кыргыз тилинде түшүнөт жана сүйлөй алат. Болгону биз аларды колдонуу процессине тартышыбыз керек деп ойлойм. Мына Оштун мэри шаар кыдырып жүргөндө жанындагы башка улуттардын өкүлдөрү кыргызча жакшынакай эле сүйлөп жатышат. Ошондой эле Бишкек шаарында деле мамлекеттик кызматкерлер кыргызча сүйлөй алышат. Болгону биз алар менен кыргыз тилинде сүйлөшүүнү адатка айлантышыбыз керек.
«Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашырууда эң биринчи жоопкерчилик титулдук улут болгон кыргыздар бул бизде. Биз алардан алдыраак боло алабызбы, аларга бардык жагынан үлгү боло алабызбы деген маселе. Экинчи маселе «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашырууда бир гана кыргыз улуту эмес, биз көп улуттуу мамлекетпиз жана көп улуттуулук биздин артыкчылык деген багытка көңүл бурууга чакырам. Урматтуу уюштуруучулар, ушундай кереге кеңештерди көбүрөөк уюштуруп туруңуздар. «Кыргыз Туусундагы» кереге кеңеш кагазга түшөт. Кыргызда «кагазга түшкөн кат өлбөйт» – деп айтат. Ушундай жыйындар сиздерде көбүрөөк болуп турсун.
Чынара САЛИЕВА:
– «Кыргыз жараны» концепция болгондон кийин аны ишке ашыруучу бир рычаг болушу керек. Мен эң негизги эталон бул атуулдук жоопкерчилик деп айткым келет. Марат Тагаев айткандай көп улуттуулукка басым коюп туруп, жоопкерчиликти биринчи планга чыгарышыбыз керек. Андан сырткары биз өзүбүздүн уюткубуздан баштасак, Кошой бабабыз Манас атабызга насаат айтканда:
«Тил билгендин бардыгын тилиң менен багындыр, дин билгендин бардыгын диниң менен багындыр» – деп айтып жатпайбы. Ушул 2 сапта айтылгандай эле, ушул концепцияны ишке ашыруу үчүн болгон стратегиялык мүмкүнчүлүктөрдүн баарын пайдаланышыбыз керек.
Көп жыл эмгектенген педагог катары айтайын, окуу жайларда айрым сабактарды кыскартуу туура эмес. Менин көзүм жеткен нерсе, Билим берүү министрлигинде билим берүүнүн өзүн реформалаш керек. Биз «Кыргыз жараны» деген концепцияны алганыбыз менен окуу китептерибиз, окуу программаларыбыз СССР мезгилиндеги боюнча эле келе жатпайбы. Көйнөгүн башка кийгизип койгон менен ички мазмуну, окутуу процесси, окуу программасында азыр башка улуттар эмес, өзүбүздүн кыргыз балдарыбызга окута турган маанилүү нерселер жок. 12 жылдык билим берүүгө өтөбүз дегенден бери программалар кыскарып жатат, бакалаврды 3 жылдык кылабыз деп жатат. «Кыргыз тили», «Манас таануу», «Кыргыз адабияты» сабактары автоматтык түрдө кыскартылат дептир, ошондой кеңешмелер өтүп жатат. Ушундай башаламан учурда биз «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашыра алабызбы деген суроо өзүнөн-өзү жаралып жатат. Себеби, иденттүүлүк көйгөйүн ишке ашыруу үчүн, биз иденттүүлүктү бала бакчадан баштап үйрөтүшүбүз керек. Окутуу методикаларды иштеп чыгыш зарыл, алар үчүн менин жеке пикиримде атайын топтор иш алып барып, жайылтыш керек. Колунда программа, окуу куралы жок тарбиячы эмнени окутат? Аймактарда бул концепцияны ишке ашыруу боюнча «Нарк сабагын» киргизели деген сунуштар болуп жатат. Эсиңиздерде болсо бир нече жыл мурда «Дин таануу» сабагы киргизилген. Ошондой эле «Нарк сабагын» киргизүү зарылдыгы турат. «Манас таануу», «Нарк сабактарын» бала бакчадан тарта ЖОЖго чейин этап-этабы менен окутула турган эң мыкты программа иштеп чыксак болот. Мына ошондон кийин
жарандарды ойгото алабыз. Мисалы, биздин ЖОЖдордо коңшу өлкөлөрдөн келген студенттер көп. Аларга «Манас таануу» сабагы өтүлгөндө аябай кызыгуу менен
окушат.
Биз күн сайын эле «Кыргыз тили, адабияты», «Манас таануу» сабактарын кыскарта берсек, башка улуттарды мындай кой, өзүбүздүн балдардын тарых боюнча билгенин жокко чыгарып алабыз. Ошондуктан «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашырууда «Кыргыз адабияты», «Манас тануу» сабагын окутуш керек деген ойдомун. Башка сабактарды да тереңдетип окутуу зарыл.
«Кыргыз жараны» концепциясынын негизинде биз биринчи кезекте агартуучуларды окутушубуз керек. Биз окуу куралдары менен камсыз кылмайынча, билим берүүгө реформа жүргүзмөйүнчө, окуу китептердин сапатын жогорулатмайынча биздин айтканыбыз айткан жерде кала берет. Биз жаш муундарды тарбиялоодо көп нерсе уттуруп жатабыз, дагы уттурабыз. Ошондуктан бул концепцияны ишке ашырууда, аны баалоодо, сактоодо, көздүн карегиндей сактап калууда жигердүүлүк менен билим берүү системасы аркылуу кармап калбасак, айткан жерде калып кетиши ыктымал. Биз агартуучуларды, мугалимдерди, тарбиячыларды негизги күч катары карашыбыз керек. Жаш муундарга биз контент жарата элекпиз, жаш балдарга арналган кыргызча контент жок. Биз, китеп жазат десе эле, том-том китеп жаза бербей, 3-5-7 жаштагы балдар үчүн атайын контент жасоо зарыл. Мына «Баластан» каналы кыска-кыска контенттерди жаратсын, азыркы заман кыскалыкты талап кылып калды. Кыска роликтерди соцтармактардан жарыялай берсек методикалык жардам болмок да, көп нерселер батыраак ишке ашканга өбөлгө түзүлмөк.
Чоробек СААДАНБЕКОВ:
– Мурда бизде маалымат мейкиндигинде маалыматтар орус тилинде түзүлүп, орус тилдүү медиалардын таасири чоң болчу. Акыркы жылдары кыргыз тилдүү медиалардын таасири арта баштады. Алардын аудиториясы көбөйүүдө, бул жерде мамлекеттик ЖМКларды эле айтканым жок. Мисалы, блогер болуп жүргөн жаштарыбыз көп. Алар бир контент жарыяласа, аны миллиондогон адамдар көрүп жатат. Блогерлер десе эле журналисттер силер аларды жаман көрөсүңөр. Бирок, кыргыз тилдүү блогерлердин таасири журналисттерден ашты. Биз аны моюнга алышыбыз керек. Мисалы, ошол эле Ыдырыс Исаков УТРКдан көп аудиторияны камсыздай алды. Ушундай улан-кыздарыбыздын кыргыз тилин жайылтууда салымы зор болуп жатат.
Менин алдымда сүйлөгөндөр жаш балдарга контент жок деп айтып кетишти. Мен бул пикирге толугу менен кошулам, эгерде, интернетте контент жетиштүү болсо, анда балдарды окуткандын деле кереги жок болуп калат экен. Балдар өздөрү эле интернеттен өздөрүнө керектүү маалыматты алып алышат тура. 20 жыл мурда интернетти виртуалдык дүйнө деп, ал акырындан биздин жашообузга кирет деп айтылган болчу. Азыр виртуалдык дүйнөгө толугу менен кирди. Телефонуң, социалдык тармактарда аккаунтуң жок болсо, сени эч ким тааныбайт, сен эч кимге кереги жоксуң. Биз виртуалдык дүйнөдөгү «Кыргыз жаранынын» орду кандай, ошол жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек. Азыр жасалма интеллект өнүктү, мисалы дарыгер бир нерсе айтса, Chat GPT программасынан дароо кайра сурайбыз. Мектептеги тапшырманы деле Chat GPT менен аткарып калышты. Бул программа эмнени айтса, бала ошого ишенет. Балдарга сынчыл ой жүгүртүүнү үйрөтүшүбүз керек. Мектептен «Манас» эпосу жөнүндө кандай гана маалымат айтылбасын, Chat GPT кандай айтса ошону эстеп калат. Ошондуктан биздин концепциябыз виртуалдык дүйнөнү эске алган болушу керек деп эсептейм. Биз интернет доорунда бир топ артта калдык. Ошол эле Chat GPTден бир нерсе сурасаңыз, айрым сөздөрдү казакча жооп берет. Бул интернетте казак тили кеңири жайылганынын белгиси. Ошону үчүн кыргыз тилинде кээ бир сөздөрдү таппай калганда Chat GPT казак тилинен
алат.
Биз азыр кыргыз тилин интернет айдыңында өнүктүрүүгө аракет кылбасак, 15 жылдан кийин казакча сүйлөп калабыз. Биз бул жактан иденттүүлүк боюнча концепцияларды жаза бергенибиз менен интернетте көп нерселер казак тилинде болуп жатса, айрым адамдар аны аңдабайт.
Азыр орусча аралаштырып сүйлөп жатсак, 15 жылдан кийин казакча сүйлөп калабыз. Ошол нерсе болбошу үчүн тилибизди сактоого аракет кылышыбыз керек.
Венера АКМАТОВА:
– Кабыл алынган концепция, программаларды ааламдашуу процессинин будуң-чаң мезгилиндеги кыргыз жаранынын биз бүгүн кайсы жердебиз, келечекте кайда болобуз, биздин келечегибиз кандай болот деген түйшөлүүдөн улам келип чыккан иш-аракет деп түшүнөм. Анткени, бир гана мекенибиз, бир гана жерибиз бар. Мекенибиздин ар бир ташы биз үчүн ыйык экенин ар бир жараныбыз сезип турушу керек.
Эми иденттүүлүк жөнүндө айтып жатабыз. Иденттүүлүк деген бул эң башкысы бул ошол элге, мамлекетке менин тиешем бар деген сезим менен жашоо. Ал ошол элдин бир мүчөсүмүн дегенде сыймыктануу, өзүнө болгон ишеним пайда болушу керек. Мен ушул эл менен бирге келечегимди көрө алам деп жашаса, анда ошол жарандын биздин тилибизге, маданиятыбызга, салтыбызга болгон мамилеси келип чыгат. Же аны кабыл алып барктап сыйлайт, же кабыл албайт. Мына ушул нерсени белгилегим келет.
Мен «Уңгужол» жөнүндө жарлыкты окуп, изилдеп чыгып, 5 күн отуруп чоң макала жазып, «Кыргыз Туусу» гезитине бердим. Жарлыкты окуп чыгып, аябай жакшы жазылган текст экенин көрдүм. Бирок, менде муну кантип ишке ашырабыз деген суроо пайда болду. Бүгүнкү күндө ар бир айтылган сөздү, жазылган кагазды дароо ишке ашырбасак, ал калып калат. Себеби, бүгүнкү доор өтө ыкчамдыкты талап кылат.
«Кыргыз жараны» боюнча айта турган сунушум, биринчиден бала бакчалардын бардыгын кыргыз тилинде кылышыбыз керек. Мына япондор баласы 7 жашка чыкканга чейин жалаң япон тилин үйрөтүшөт. Андан кийин гана башка тилдер окутулат.
Экинчиден мектептеги билим берүү боюнча жакшы көңүл буруп жатабыз. Ошол эле учурда жогорку окуу жайлардагы билим берүү сапаты боюнча бир аз иштер чабал болууда. Координалдуу өзгөрүүлөрдү көрө элекпиз. ЖОЖдор жарымы советтик билим берүү, жарымы балон системасында болуп гибриддик акыбалда турат. Кризистик акыбалда турат деп айтсам мен жаңылбаймын. Себеби, бул боюнча иликтеп, макала жазып жүргөн адам катары жогорку билим берүүнүн системасын калыптандырышыбыз керек деп айтам.
Казактар 5000 мугалимин Кембридж университетинен окутуп, көп предметтердин контентин англисчеге өткөрүп коюшту. Казак тили, казак адабияты, казак тарыхы бардык окуу жайларда бардык улутка казак тилинде окутулат. Андан кийин көп предметтер англис тилинде окутулуп жатат. 5 жылдан кийин англис тилинде сабак берген мугалимдер пайда болуп калды. Биз ушуну ишке ашырышыбыз керек.
Үчүнчүсү, интернеттеги издөө платформаларында кыргызча контентти аябай көбөйтүшүбүз керек. Муну мамлекеттик деңгээлде колго алыш керек. Андан кийин кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын интернетке жарыялашыбыз керек. Мен жогоруда айткандай сунушталган пикирлерди дароо ишке ашырбасак, эртең эле унутулуп калат.
Садырбек ТУРДУБЕК уулу:
– Негизги багыт Билим берүү министрлиги менен Маданият министрлигине түшө турган сөздөр айтылууда. Билим берүү тармактарында эң алгач эркек мугалимдерди көбөйтүүнү колго алышыбыз керек. Эркек мугалимдердин көбөйүшү менен окуучулардын жана кийинки муундардын калыптанышы өзүнөн-өзү жөнгө салына турчу нерсе. Бул мамлекеттеги биринчи көйгөй. Себеби, 3 жашка чейин баланы энеси тарбияласа, 3 жаштан кийин 6 жашка чейин бала бакчада эжеси тарбияласа, 4-класска чейин башталгыч мугалими сөзсүз аял киши тарбиялайт. Андан кийин 11-класска чейин дагы аял мугалимдер сабак беришет. Бир мектепте 100 мугалим иштесе, анын үчөө эле эркек. Бул улуттук өзөгүбүз үчүн терс таасирин тийгизип жаткан кадрдык маселе. Эгерде ушул маселе биринчи чечиле турган болсо, башка маселелер дагы орду-орду менен чечилет. Аял киши педагогикалык билим берүү менен гана чектелип калат. Үй-бүлөлүк маселелер менен мектептин маселелери аралашып калган учурларда балага билим берүү тоскоолдугун жаратат.
Экс-президентибиз Аскар Акаевдин «Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз» – деген сөзү бар. Ушул түшүнүктөн арылууга учур келди деп ойлойм. «Кыргызстан жалгыз менин үйүм» – деген түшүнүккө жеткен жарандар болсок, биздин өнүгүүбүз алдыга кетет. Себеп дегенде бир үйдү жалпыбыздыкы деп ар ким каалагандай пайдаланат. Ал эми ар ким менин үйүм деген түшүнүк менен жашаса, таза, тыкан, ырааттуу колдонот.
Иденттүүлүк деген бул өзөк, өзүн-өзү таануу, өзүнө кайтуу деген сөз. Баарыбызга белгилүү болгондой, кыргызда камчы деген буюм бар. Камчынын ортосунда өзөгү бар, эгер өзөгү суурулуп калса, канчалык чапсаң да көйнөктөн этке өтпөйт. Андыктан биз өзөгүбүздү туура сактап, өзүбүздүн наркыбызды, салтыбызды билишибиз керек.
Улуттук түшүнүк дегенде, улутубузду өзүбүз сүйүп, өзүбүздөн сырткары өзгөгө сүйдүрө билишибиз негизги максат болушу керек.
Редакциядан: Урматтуу окурмандар, кереге кеңештин видео версиясын гезитибиздин расмий сайтынан жана социалдык түйүндөрдөгү баракчаларынан көрө аласыздар.