Папан ГЭСинин курулуш долбоорун ишке ашыруу иштери уланууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда станциянын имаратына алып баруучу узундугу 9,2 чакырым болгон убактылуу жолдун курулушу жүргүзүлүп, адистер жашай турган шаарчанын курулушу аяктоо алдында турат.
Мындан тышкары, 110 кВ электр берүү линиясынын долбоору даярдалып, туннель казуу жана жардыруу иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон уруксат документтери даярдалууда.
Ошондой эле Жашыл энергетика фондунун сынагына катышуу үчүн алдын ала айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо (ОВОС) иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында ГЭСтин курулушу үчүн жер тилкесин ижарага алуу боюнча келишим түзүлгөн.
Министрликтин маалыматына караганда, бул долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугун көбөйтүп, айрыкча түштүк аймактарында электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.