Андоррада Тоо өнөктөштүгүнүн жетинчи глобалдык жолугушуусу аяктады, анда Кыргызстандын атынан президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова катышты.
Тоо өнөктөштүгү – 2002-жылы түзүлгөн, 687 мүчөнү, анын ичинде 74 өкмөттү бириктирген альянс, ал тоолуу аймактардын жашоосун жакшыртуу жана дүйнө жүзү боюнча тоолуу экосистемаларды коргоо максатын көздөйт.
Жолугушууда Кыргызстан тоолуу аймактардын кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча демилгелерди көтөрүп, тоо күн тартибинин активдүү жактоочусу катары таанылды. Ошондой эле иш-чарада ата мекендик тоо продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулду.
26-мартта Андорранын тышкы иштер министри Имма Тор Фаустун төрагалыгында Армения, Германия, Италия, Кыргызстан, Монголия, Черногория жана Эквадордун делегацияларынын катышуусунда жогорку деңгээлдеги тегерек стол болуп өттү.
Динара Кемелова өз сөзүндө 2025-жылы Бишкекте өткөн “Глобалдык тоо диалогунун” жыйынтыктары, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан айтылган демилгелер жана алдыдагы маанилүү иш-чаралар жөнүндө айтып, глобалдык иш-чаралардын алкагында тоо күн тартибин илгерилетүү боюнча тоолуу өлкөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүүгө чакырды.
Климат боюнча панелдик сессияда президенттин атайын өкүлү Кыргызстандын эл аралык деңгээлде, анын ичинде БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча аянтчаларында тоо күн тартибин илгерилетүү боюнча ишмердүүлүгүн чагылдырып, ошондой эле “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммити 2027-жылдын 21–23-октябрында өтөрүн жарыялады.
Кыргызстан ЕККУ менен өнөктөштүктө тоолуу аймактарда климаттын миграцияга жана коопсуздукка тийгизген таасирин талкуулоого арналган тематикалык (сайд-ивент) иш-чара өткөрдү. Ошондой эле Кемелова ЮНЕПтин “Келечек үчүн тоолор: жоопкерчиликтүү туризм, гүлдөгөн жамааттар” аттуу кошумча иш-чарасында негизги баяндамачы болуп чыгып, Кыргызстанда экотуризмге жана органикалык өндүрүшкө байланыштуу тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын ишке ашырылышы жөнүндө айтып берди.
Глобалдык жолугушуунун алкагында тоолуу өлкөлөрдүн делегация башчылары, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү.
Алсак, Армениянын тышкы иштер министринин орун басары Роберт Абисогомонян менен болгон жолугушууда Кемелова тоо тематикасын ушул жылдын октябрь айында Ереванда өтө турган Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча 17-конференциянын жыйынтыктоочу чечимдерине киргизүүнү карап чыгууну сунуштады.
Монголиянын Азык-түлүк, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Жамбалцэрэн Тумур-Уяа менен чөлдөшүүгө каршы күрөшүү боюнча 17-конференциянын алкагында тоо күн тартибин илгерилетүү маселелери дагы талкууланды.
Ошондой эле Эквадордун айлана-чөйрө маселелери боюнча министринин орун басары Алисия Жарамилло Кабо, ФАОнун башкы директорунун ассистенти/токой чарбасы боюнча директору Жимин Ву, Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгынын жаңы координатору Жулия Вульф, Тоолорду изилдөө демилгесинин аткаруучу директору Каролина Адлер, БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын, CONDESAN уюмунун өкүлдөрү жана Тоо өнөктөштүгүнүн башка мүчөлөрү менен эки тараптуу жолугушуулар да өткөрүлдү.
Жыйынтыктоочу жыйында Кыргызстан Тоо өнөктөштүгүнүн жетектөөчү комитетине кийинки төрт жылга кайрадан шайланды. Борбор Азиядагы өкмөттүк эмес уюмдардан Тажикстандан “Анажита” коомдук уюму жана Кыргызстандан “Кэмп Ала-Тоо” уюму (альтернат) шайланды.
Ошондой эле Жетектөөчү комитеттин мүчөлөрү бир добуштан Кыргызстанды төраганын биринчи орун басары кылып шайлашты. Төрагалык макамын Тоо өнөктөштүгүнүн негизги донору болгон Италия сактап калды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Тоо өнөктөштүгүнүн мүчөлөрү жакынкы төрт жылга жалпы күн тартибин аныктаган Андорра декларациясын кабыл алышты.
“Тоолор ландшафттарды, элдерди жана улуттарды бириктирет. Алар бизге тоолордо эмне болсо, анын таасири төмөндө да сезилип турарын жана туруктуулукту биргелешип куруу керектигин эскертет”, – деп Андорранын тышкы иштер министри Имма Тор Фаус Тоо өнөктөштүгүнүн жетинчи глобалдык жолугушуусун жыйынтыктады.

