Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаКазань шаарында «Кыргызстан халал продукциясы» соода үйү ачылды

Казань шаарында «Кыргызстан халал продукциясы» соода үйү ачылды

Казань шаарында “Кыргызстан халал продукциясы” аталышындагы соода үйү расмий түрдө ишке кирди. Бул демилге кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн халал стандарттарына жооп берген азык-түлүк жана товарларын Россиянын рыногуна чыгаруусуна өбөлгө түзөт.

Соода үйүнүн ачылышы “Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum-2025” эл аралык экономикалык форумунун алкагында өттү.

Кыргызстан соңку жылдары халал продукцияларын, айрыкча эт азыктарын, Перс булуңундагы өлкөлөргө да экспорттой баштаган. Бул багытта Халал индустриясын өнүктүрүү борбору продукцияны сертификациялоодо жана сапатын камсыз кылууда маанилүү ролду ойноп келет.

Казанда ачылган соода үйү кыргыз өндүрүшчүлөрүнө жаңы базарларга чыгууга мүмкүнчүлүк берип, өлкөнүн экономикалык өсүшүнө кошумча дем берет.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар