«Акылман» лицейлери Кыргызстан боюнча ачылат

0
10229

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөнүн бардык аймактарында «Акылман» лицейлерин ачуу пландары тууралуу билдирди. Азырынча биринчи лицей Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында иштеп жатат. Бул лицейде өлкөнүн ар аймагынан тандалып келген 260 таланттуу окуучу билим алууда.

Президенттин айтымында, жакынкы жылдары жети облуста тең «Акылман» лицейлери ачылат: Талас жана Жалал-Абадда курулуш жүрүп жатат, ал эми Ош, Баткен, Чүй жана Нарын облустарында да лицейлер ишке кирет. Ар бир мекемеде 300гө чейин окуучу билим ала алат.

Бул демилге жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо жана келечектеги башкаруу кадрларын окутуу системасын чыңдоо максатында жүргүзүлөт. «Акылман» лицейлери өлкөнүн билим берүү тармагын күчөтүү менен, таланттуу жаштардын потенциалын толук ачууга багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз