Башкы беткеРубрикаларБилим берүүКыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада биринчи орунду ээледи

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада биринчи орунду ээледи

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча Open International Biology Olympiad (OIBO 2025) аттуу  эл аралык олимпиада биринчилик орундарды багындырышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Олимпиада 10-17-майда Орусиянын Сочи шаарындагы “Сириус” билим берүү борборунун базасында өткөн. Анда дүйнөнүң ар кайсы өлкөлөрүнөн келген окуучулар үч баскычта күч сынашкан: теориялык, практикалык жана командалык долбоордук турлар.

Кыргызстандан барган курама команда жогорку даярдыкты көрсөтүп, 1 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алышкан. Мындан тышкары, командалык долбоордук турда 1-орунду ээлеп, алтын медаль менен сыйланышкан.

Жеңүүчүлөр:

  • Дмитрий Рубан, «Сейтек-STEM» билим берүү комплекси – алтын медаль;
  • Увалиев Нурсултан, Х. Карасаев атындагы Каракол лицейи – күмүш медаль;
  • Виноградов Арсений, Ж. Баласагын атындагы Токмок лицейи – күмүш медаль;
  • Русланбеков Улукбек Арстанбекович, «Сейтек-STEM» билим берүү комплекси – күмүш медаль;
  • Асанкалыев Ахмед, Жайыл Баатыр атындагы ООЛ – коло медаль;
  • Русланбеков Омурбек Арстанбекович, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи – коло медаль.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар