Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Молунов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экенин белгилешти. Ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, өнөр жай, айыл чарба, транспорт жана логистика тармактарындагы кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчиндин 2026-жылдын 4–5-июнунда Кыргыз Республикасына пландалган расмий сапарына даярдык көрүүгө бурулду. Сапардын алкагында расмий жолугушууларды өткөрүү жана кыргыз-беларусь бизнес форумун уюштуруу каралууда.
Мындан тышкары, 2026-жылдын экинчи жарымында Минск шаарында өтө турган Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына даярдык иштерин активдештирүү зарылдыгы белгиленди.
Кыргыз тарап эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү жана аны конкреттүү жыйынтыктар менен толуктоо максатында беларусь тарап менен мындан ары да тыгыз жана координацияланган иш алып барууга даяр экенин билдирди.

