Башкы беткеРубрикаларДен соолукТравматология жана ортопедия улуттук борборун курууга 3 млрд сом бөлүндү

Травматология жана ортопедия улуттук борборун курууга 3 млрд сом бөлүндү

Травматология жана ортопедия улуттук борборун курууга 3 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул каражат президенттик фонддон берилет.

“Бул борбор республикалык, керек болсо регионалдык масштабдагы заманбап ортопедиялык борбор болот. Ошондой эле Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттан тышкары дагы 330 млн сом атайын булактардан каражат карап, кечээ президент кол коюп берди“, — деди Байсалов.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 13-февралда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборун түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Бул борбор саламаттык сактоо системасынын сапатын жогорулатуу, калкка адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, ошондой эле таяныч-кыймыл аппаратынын жаракаттарын жана ооруларын дарылоо жана реабилитациялоо системасын өркүндөтүү үчүн түзүлөт.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар