Кыргызстан 2025-жылы жалпы 41 млрд грант жана кредит алат. Бул тууралуу бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.
Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Кыргызстан 2024-жылы чет өлкөдөн жалпы канча грант жана кредит алганын сураган.
Каржы министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Акжолов 2024-жылы Кыргызстан чет өлкөдөн мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун алкагында 35 млрд сом алганын анын ичинде 14 млрд грант түрүндө, 21 млрд сом кредит түрүндө келгенин билдирди.
Ал эми 2025-жылга Кыргызстан чет өлкөдөн 13 млрд сом грант, 28 млрд сом кредит түрүндө жалпы 41 млрд сом алып келүүгө пландоодо.
Каржы министринин орун басары Кудайбердиев Алтынбек бардык кредиттер өз убагында төлөнүп жатканын кошумчалады.