6-августта Баткенде Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2030-жылга чейин өлкөнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулоо, Лейлек районунун учурдагы социалдык-экономикалык абалын талдоо жана Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйынга Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.
Бакыт Төрөбаев Улуттук программанын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетүүгө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишинин өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Анын ичинде калктын жан башына ИДПны 4 500 долларга чейин, ал эми ИДП көлөмүн 30 млрд долларынан кем эмес деңгээлге жеткирүү белгиленген.
“Лейлек районунун, айрыкча агрардык сектордо, өндүрүш тармагында жана туризм чөйрөсүндө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Биздин жалпы милдет — улуттук программанын чегинде бул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга аракет кылуу. Инфраструктураны жакшыртуу, жашоо деңгээлин көтөрүү жана региондун туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн натыйжалуу, өлчөнүүчү чараларды ишке ашыруу керек”, – деди Бакыт Төрөбаев.
Отурумдун жыйынтыгында Лейлек райондук мамлекеттик администрациясына төмөнкүдөй бир катар тапшырмалар берилди:
− Улуттук программада белгиленген артыкчылыктуу багыттарды эске алуу менен, районду 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Иш-чаралар планын жана өнүктүрүү векторлоруна (айыл чарба, туризм, индустриялаштыруу, жашыл энергетика жана региондук хаб) ылайык инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу;
− Райондун экономикасына мамлекеттик жана жеке инвестицияларды тартуу иштерин күчөтүү.
Эске салсак, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 Жарлыгы менен кабыл алынган. Программа өлкөнүн орто мөөнөттүү максаттарын жана артыкчылыктарын аныктоочу стратегиялык документ болуп саналат. Программа туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана экономиканын негизги тармактарын комплекстүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

