Мындан туура 50 жыл мурда, Хельсинки шаарында Жыйынтык актыга (Хельсинки макулдашуусуна) кол коюлган. Бул документке 35 мамлекет, Албания менен Андоррадан башка бардык Европа өлкөлөрү, АКШ жана Канада кол койгон. Конференция 1973-жылы тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан тарта 2 жыл бою созулган чоң аракеттин натыйжасы. Бул конференцияда жетишилген макулдашуулар муктаждыктын натыйжасы, геосаясий, укуктук, моралдык жана маданий чоң мааниге ээ.
Дүйнөлүк тартипти камсыз кылуучу башкы баалуулуктар: мамлекеттердин суверендүү тең укуктуулугу жана суверенитетти сыйлоо, чек аралардын бузулбастыгы жана мамлекеттердин бүтүндүгү, мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө, талаш маселелерди тынчтык жол менен чечүү жана күч колдонбоо, эл аралык мыйзамдарга ылайык өз милдеттенмелерин абийирдүүлүк менен аткаруу жана кызматташтык, адам укуктарын жана сөз эркиндигин урматтоо сыяктуу өзөктүү принциптер Хельсинки макулдашуусунун башкы жоболору болуп эсептелет.
Макулдашууда аскерий чөйрөдө ишенимди бекемдөө боюнча да милдеттенмелер камтылган. Маселен, Хельсинки актысына кол койгон мамлекеттер аскерий машыгуулары тууралуу алдын ала башкаларга маалымдап турууга, аскерий машыгууларга байкоочуларды чакырууга, мамлекеттер ортосундагы талаштарды тынчтык жол менен гана чечүүгө милдеткер болушкан. Айтмакчы, адам укуктары жана сөз эркиндиги тууралуу жоболор СССРде жана Чыгыш Европадагы социалисттик мамлекеттерде укук коргоо, сөз эркиндигин жактаган кыймылдардын жанданып, өнүгүшүнө түрткү болгон. Мындан тышкары, экономикада, табиятты коргоо маселелеринде, маданият, саламаттык сактоо, билим берүү жана илим тармактарында кызматташуунун жол-жоболору бекитилген.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча 1975-жылы август айында өткөн конференциянын жыйынтыгында Европадагы жамааттык коопсуздуктун жаңы механизми иштелип чыккан. Ал механизм бара-бара эл аралык таасирдүү институтка айланган, башкача айтканда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (англ. — OSCE, орусча — ОБСЕ) түзүлгөн. СССР кыйрап, социалисттик лагерь ыдыраган соң, ОБСЕге мүчө мамлекеттердин саны кескин арбыганы факт. Учурда 57 өлкө мүчө, ондон ашык мамлекет өнөктөш. Атайын жана туруктуу түзүмдөрү, кеңешме жана аткаруучу органдары бар эл аралык уюм. Кыргызстан да ОБСЕнин мүчөсү, болгондо да жоопкерчиликтүү мүчөсү. Биздин өлкө ОБСЕ менен үзүрлүү жана тыгыз кызматташкан өлкөлөрдүн бири. ОБСЕ да Кыргыз Республикасына көп жылдардан бери коопсуздук жана гуманитардык чөйрөлөрдө колунан келген жардамын көрсөтүп келет.
ОБСЕ бүгүн катаал сыноого тушугуп туру. Уюмду сындагандар, ага ичи чыкпагандар арбын. Ал эми Россия “канчалык нааразы болсок да ОБСЕден чыкпайбыз, бирок альтернатива катары Евразияда ушундай уюм түзүүгө умтулабыз” деп билдирди былтыр орус сырт иштер министрлиги (https://iz.ru/1769021/ivan-dubrovin/ostatsia-krasivo-rossiia-iskliuchila-vykhod-iz-obse).
Андан тышкары, 1975-жылы кабыл алынган Жыйынтык актысы Чыгыш менен Батыштын ортосундагы чыңалууну жандыруу аракети – Хельсинки процессине жол ачты. Бул процесс кансыз согуш аталган кармаштын мизин бир аз болсо да кайтаргансыган. Хельсинки конференциясы Еврпадагы өлкөлөрдүн интеграциясына мыкты шарт түздү, Германиянын биригишине негизги өбөлгөлөрдүн бири болду.
Ошентип, 1975-жылы Хельсинкидеги конференцияда кабыл алынган макулдашуу Европа ичинде интеграциялык процесстерге, Европанын сырткы чөйрө менен мамилелерине, Евпропадагы жана жалпы дүйнөдөгү коопсуздукка, адам укуктарынын сакталышына, өлкөлөр ортосундагы кызматташууга зор таасирин тийгизгени талашсыз. Европадагы коопсуздук дүйнөдөгү коопсуздуктун жана кызматташтыктын үлгү архитектурасы деген сыпаттама да пайда болгон эле бир кезде. Андан бери геосаясий ландшафт жана кырдаал кескин өзгөрдү.
Тилекке каршы, Европа модели баарына жарашпады. Ири жана кубаттуу мамлекеттер оюн эрежесин өзгөртүүнү каалашты, алар өздөрүн эл аралык укуктун жоболору менен чектелгиси, жалпыга орток принциптер менен колун байлагысы келбеди. Жыйынтык актынын да бир изги натыйжасы – Европадагы мамлекеттердин аймактык статус-квосу бекемделип, чек аралар аныкталып, күч менен чек ара талаштарын чечүүгө бөгөт коюлган. Бирок, СССР кыйрагандан аз өтпөй Европадагы мамлекеттер кошо ыдырап, бүтүн мамлекеттердин ордуна жаңы мамлекеттер пайда болду. Күч колдонбоо принциби Югославияны бомбалоодо баары макулдашкан принцип эмес эле закым сымал экени көрүндү.
Атаганат, Хельсинки макулдашуусунун идеялык дарамети чакталуу окшобойбу. Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити быйыл 11-июлдагы № 50 санында Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын кабыл алынышынын сексен жылдыгына көңүл бөлүп, БУУну түзүүнү демилгелеген мамлекеттер, анын Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү, не башкалары, айтор БУУнун штаб-квартирасынын айрым өкүлдөрүнөн башкалары эскербегенин, демейде соцтармактардан түшпөй, бири бири менен болбогон жерден кайым айтышкан үлкөн саясатчылар бир ооз кеп кылганга жарабаганын жазды эле. Бириккен Улуттар Уюмунун Уставы кабыл алынган датага утурлай же ага удаалаш дүйнөлүк аренада ири кеңешмелер, жолугушуулар, саммиттер, конференциялар, глобалдык жана регионалдык уюшмалардын форумдары, айтор ар кандай жыйындар көп эле өттү. “Биз чогулуп жаткан ушу күндөрү, мындан 80 жыл илгери БУУнун Уставы кабыл алынды эле, ошол башкы документте бизди азыр түйшөлтүп жаткан көйгөйлөрдү болтурбоо, кокус болуп кетсе андай проблемаларды жоюунун, бизди араздаштырган талаштарды чечүүнүн момундай принциптери бар эле…” деген сымал, жадагалса риторикалык шөкөт катары оозанган оратордун кеби угулбаганын жазды эле биздин гезит. Ошол макаладан куш тилиндей цитата келтирели, ашык эмес, абдан керек: “Маселен, 26-июнда Гаага шаарында (Нидерланды) НАТОнун саммити өттү. Бул аскерий-саясий уюмга мүчө мамлекеттер тарыхый саммит деп атаган саммитте кабыл алынган документке ылайык, НАТОго мүчө өлкөлөр 2035-жылга чейин ички дүң продукциясынын (ИДП) 5% коргонууга жумшай турган болушту. БУУнун Уставы кабыл алынган чоң конференцияга катышкан Англия. АКШ, Франция мүчөсү болгон НАТОнун саммитинин жыйынтык документинде “согуш” деген сөз колдонулбады. XXI кылымда “согуш” термини колдонулбай калды, бирок согуш токтогону жок”.БУУнун мааракеси тууралуу макаладан алынган ушул цитатанын мазмуну кабыл алыган кезде мааниси зор, бир топ мезгил жакшы иштеген Хельсинки макулдашуусуна азыр куп жарашып турат.
Ошентип, Хельсинки макулдашуусу да БУУнун Уставы сыяктуу эле көз жаздымында калгансыды. Маараке катары балким учкай эскерилгендир, арийне, дүйнөлүк тургай Европанын масштабында расмий күн тартибине чыкпады, жогорку саясий деңгээлде кеп болбоду. Катардагы дата катары жөн салды мамиле жасалды.
Согуштук технологиялар адамзаттын тынч жашоосуна арналган өнөр жайга караганда алда канча ыкчам өнүккөн доордо тынчтыкка муктаждык, куралдуу конфликттерге жол бербөө болуп көрбөгөндөй актуалдашты. Жаңы дүйнөлүк тартип орнотуу үчүн эми дагы дүйнөлүк согушту күтүү жеткен акылсыздык жана адамзатка каршы оор кылмыш. Демек дүйнө мамлекеттери, асыресе ири жана кубаттуу мамлекеттер орток пикирге келүүсү, адамзатты глобалдык согушка, канды суудай агызган, жерди жексен кылган жаңжалдарды болтурбоонун башкы эрежелерин макулдашып алуусу абзел. Ири жана кубаттуу мамлекеттер дегенибиз, жаңжалдарды ошолор баштайт, эрежелерди адегенде ошолор бузат. “Эл аралык мамилелер мамлекеттердин жашоо үчүн күрөшү, кыйындары гана жашап кетет” деп жаңы “дарвинизм” кубаттуу мамлекеттер үчүн саясий идеологемага айланып бараткан сыяктуу. “Жеңүүчүгө сот жок, жеңилгенге убал жок” деген күйгөндөн айтылган арман кеп айрым саясатчылардын туу туткан принциби окшобойбу. Ошондуктан ири жана кубаттуу мамлекеттердин жана алардын элитасынын адамзаттын тагдыры алдында жоопкерчилигин эске алганыбыз кажет. Эстебесе, кабат-кабат айтып, эскерткенибиз жөндүү. Кур дегенде эл аралык мыйзамдын жоболорун сыйлайбыз, анын принциптеринин бузулушуна жол бербейбиз деп бекем айтып, мурда берген убадасын, алган милдеттенмесин эстегени абзел. Эл аралык укуктун, анын ичинде БУУ бардык системалары суверендүү мамлекеттердин келишимдери менен түзүлгөн. Мамлекеттер гана ушул келишимдерди иштеп чыккан легитимдүү саясий субъекттер. Мамлекеттер аралык мамилелер мамлекеттерге жараша. Суверендүү мамлекеттердин биримдиги болгон соң ошол мамлекеттер аралык мамилелерди жөнгө салуучу орток жоболордун тутумун түзүп алуусу абзел. Демек Европага да, жалпы дүйнөгө да жаңы макулдашуу зарыл окшобойбу. Ойлонолу, акыл калчайлы, айталы, сунуштайлы, изденели.
Алмаз Окин