whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
27.6 C
Бишкек
Башкы беткеАктуалдуу маекУлан Эгизбаевдин апасы Жыпаргүл САРИЕВА: “Азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты – Уландын...

Улан Эгизбаевдин апасы Жыпаргүл САРИЕВА: “Азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты – Уландын кыялы эле”

Изилдөөчү журналист Улан Эгизбаевдин көзү өткөнүнө быйыл 7 жыл болот. Тирүү болгондо ал 12-февралда 35 жашка чыкмак. Андыктан апасы Жыпаргүл Сариева менен Улан тууралуу баарлаштык. 

– Уланды жоготкондон бери 7 жылга жакын убакыт өтүптүр. Мезгил аз да болсо жаратыңыздарга эмчи боло алгандыр…

– Үйдүн ар бир бөлмөсүнө, ар бир бурчуна Уландын сүрөттөрүн илип, алган сыйлыктарын коюп алганбыз. Чай ичсек да, Уландын сүрөтүн карап чай ичебиз. Алыска сапарга кеткендей, мына-мына кирип келчүдөй эле сезимде жашайбыз. Көзү өткөнүнө 7 жыл болсо да, жүрөгүбүз жаралуу. Атасы экөөбүзгө убакыт, мезгил дары боло алган жок. Бизди кайгыдан, күйүттөн алып чыккан – Белек. Белектин бар экенине шүгүр. Секет кетейиним, Уланымдын эле өзү. Баскан-турганы, сүйлөгөнү, келбети баары окшош.

– Сапаргүл менен Белек ушул тапта чет жерде жүрүшөт эмеспи, Кыргызстанга качан келишет?

– Ооба, Сапаргүл “Эл үмүтү” стипендиясын утуп алган. Эки жыл Улуу Британияда магистратурада окуп бүтүп, жакында эле, дипломун колуна алды. Азыр Оксфорддо кошумча билим алып жатат. Ал жерде мартка чейин окуйт окшойт. Буюрса, күзгө чейин келип калышат го деген үмүтүбүз бар. Сапаргүл өз күчү менен окууга өтүп, өз күчү менен окуйм деп жатса, биз кантип каршы боло алабыз. Окусун, өссүн, азыр Кыргызстанга билимдүү жаштар керек болуп жатпайбы.

– Белек 1-классты Лондондо окуп жатканы, 3-4 тилде оюн эркин түшүндүрө алганы кандай жакшы көрүнүш…

– Белек Бишкекте жүргөндө эле англис тилин жакшы билчү. Чет тилин бала бакчага баргандан баштап үйрөнө баштаган. 1-класска кирерде ал жактын тартиби боюнча 4 ай репетитор жалдап, сабакка даярдаш керек экен. Бирок “Белекке эч кандай репетитордун кереги жок, бул окууга дапдаяр бала экен”, – дешиптир. Камчы салдырбай окуп жатат садага болоюн. Кыргыз, орус, түрк жана англис тилдерин билет. Бирок, неберемдин канча тил билгени деле кызык эмес. Бизге эң башкысы амандыгы керек. Кудайым жаман көздөн, жаман сөздөн сактасын.

– Улан сиздин оюңузча кандай ата болмок?

– Сапаргүл кош бойлуу кезинде: “Апа, мен декреттик өргүүдөн 4 айдан кийин жумушка чыгышым керек экен, баланы аласыз да ээ?” – деп калды. Мен кудай жалгасын, алам десем, Улан ордунан ыргып туруп: “Эмнеге төрт ай? Сен бир жылга чейин эмизип өзүң багышың керек”, – деп калды. Атасы экөөбүз төрөлө элек баласын кызганып жатканын карасаң деп күлдүк эле… Аябай баласаак болчу. Эжелеринин балдарын аябай жакшы көрөр эле. Аларга барган сайын, келген сайын куру кол барчу эмес…

Баласынын азыркы кылыктарын көрсө: “Караңызчы, кимдин баласы ыя?” – деп тим эле төбөсү көккө жетип жыргамак. Уулун Сапаргүлгө да карматмак эмес болсо керек деп ойлоп калабыз.

– Улан туулган күнүн кантип белгилечү эле?

– Биздин үй-бүлөдө туулган күндөргө жакшы маани беребиз. Балдарыбыздын бирөөсүнүн да туулган күнү билинбей, байкалбай, унутулуп калган күн болгон эмес. Сөзсүз көңүл буруп, куттуктап, жакшы сөзүбүздү айтабыз. Уланым белек бергенди аябай жакшы көрчү. Өзүнүн туулган күнү болуп жатса да, мага белек бергенге ашыгып турчу. Жакындарына белек берип кубанткандан такыр аянчу эмес. Айлык алган сайын, эжелеринин ар бирине бирдик салып берген адаты бар эле. Мен тамаша чынга салып, ой аларды эмне кыласың өздөрү иштеп жатпайбы, салбай эле кой десем: “Апа, мугалимдердин айлыгын билем да. Ченелүү акчага иштешет, ал акчасы эмнеге жетмек  эле”, – деп эжелеринен бат-баттан кабар алып: “Эмне кем-карчыңар бар, айткыла, каалаганыңарды алып берем”, – дечү. Баарыбызга камкор эле да.

Атасына өзгөчө мамиле жасачу. Улан тирүү кезде алты ай сайын ооруканага жаткырып, дарылатып турчу. 6 айдан бир күн да кечиктирчү эмес. Ооруканага жаткырып эле тим болбой, үч маал барып, маңдайына отуруп алып: “Ата, күчтүү уколдорду алып жатасыз. Дарыны көтөрүш үчүн күчтүү тамактанышыңыз керек. Сиз тамак ичмейинче мен кетпейм”, – деп отуруп алчу. Кайран балам, бир жаралган жан  экен да.

– Тирүү болгондо азыркы учурдагы коррупция менен болгон күрөшкө өз салымын кошуп, далай кылмыштардын бетин ачмак да…

– Азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты – Уландын мүдөөсү эле. “Кыргызстан кичинекей эле өлкө. Бизде кен байлыктарыбыз көп, ошолорду өзүбүз иштетип, өзүбүзгө жумшасак, 10 жылда бутубузга туруп кетсек болот. Бишкек шаары керек болсо чоң кыштак. Шаар шаардай болушу керек. Кабат-кабат ипотекалык үйлөрдү салыш керек, жолдорду оңдош керек… Анүчүн коррупция менен күрөшүп, өз кызыкчылыгы үчүн элдин ырыскысына кол салган кылмышкерлердин бетин ачыш керек”, – деп ак эткенден так этчү. Жаш экенине карабай, Кыргызстанда коррупция төрөтканадан көрүстөнгө чейин жеткенин көрүстөндү аралап жүрүп көрсөтпөдүбү. Көзү тирүү болсо, азыркы бийликке бир топ жардамы тиет беле деп ойлоп коем. Себеби, азыр коррупция менен күрөш катуу болуп жатпайбы…

Анара Арзыбай кызы, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар