2024-жылдын жыйынтыгы менен “Айыл Банк” ААКсы өлкөдөгү каржы институттардын ичинен алдыңкы орунду ээледи. Буга кызматтардын жеткиликтүүлүгү, калкка пайызы төмөн насыя берүү жана команданын талбай кылган аракетинин аркасында жетишилди.
Айыл Банктын активи 157,7 млрд. сомго жетти
Өткөн жумада “Айыл Банк” ачык акционердик коому былтыркы жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, өнөктөштөрүнө отчетун берди. Соңку жылы банктын активи 157 миллиард 652 миллион сомго жетти. Акционерлердин капиталы болсо, 16,5 миллиарддын тегерегинде деп белгиленди. Ал эми, кредиттик портфелинин суммасы 50 миллиард сомдон ашса, депозиттик портфель 119 миллиард сомду түздү. Банк былтыр 7 миллиард 261 миллион сомдук таза киреше тапкан.
Дыйкан фермерлерге 25,8 миллиард сомдук насыя берилди
Банк бүгүнкү күндө 12 багыт боюнча мамлекеттик программаны каржылап жатат. Бишкек шаарын, Чүй облусун газдаштыруунун алкагында жыл ичинде 183 жаранга 24 миллион сомдук жеңилдетилген насыя берилген. Мындан тышкары, 22 миллион сомго 18 кардар банк аркылуу жеңилдетилген шарт менен ата мекендик өндүрүштөн чыгарылган унаалуу болушту. “Айыл чарбасын каржылоо – 12” программасы боюнча дыйкан фермерлерге 25,8 миллиард сомдук насыя берилди. Анын ичинен агроөнөржай комплексин өнүктүрүүдө 8,1 миллиард сомдук каржылоо жүргүзүлдү. Ошондой эле, жыл ичинде лизингге 5 миллиард сомдой кредит берилди.
Айыл Банктын аксессуарлары менен төлөмдөрдү контаксыз жүргүзүўүз
Каржы институту кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында санариптик чечимдерди киргизүүдө. Ага ылайык, Кыргызстанда биринчи жолу электрондук шакек же билерик төлөм системасын киргизди. Жарандар аны банктык карттардын ордуна пайдалана алышат. Маалыматтык чип шакектин ичине жайгаштырылып, регистрациядан өткөндөн кийин гана жеткиликтүү болот. Калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда Айыл Банк өлкөдөгү банктардын ичинен жарандарга үстөк пайызы төмөн ипотекалык насыяларды берүүдө. Мунун алкагында жыл башында пайыздык чен боюнча акция жүрүп жатат.
Ислам принциптери боюнча каржылоо
Айыл Банк 2023-жылдын апрель айынан баштап ислам принциптерине ылайык, “Мурабаха” жолу менен насыяларды бере баштаган. Өткөн жылы 1017 киши Айыл Банк-та ислам принциптери боюнча 1 млрд. 816 млн. сомдук каржылоо алган.
Мобилдик тиркемелер боюнча
Банк кызмат көрсөтүүлөрдү онлайн алуунун үстүндө дагы активдүү иштерди жүргүзүүдө. Жакынкы күндөрү “АБанк” тиркемеси ишке кирет. Ал жактан кардарлар банктын жана мамлекеттик органдардын бардык кызматын ала алышат. Мындан тышкары, “Зеро” тиркемеси аркылуу тургундар каалаган буюмун бөлүп төлөө системасы менен үстөк пайызы жок ала алышат. Ошондой эле, “Береке 2.0” жаўыланган мобилдик тиркемеси иштеп жатат. Ал жактан ишкерлер бизнеске байланышкан кызматтарды алса болот.
“Береке 2.0” тиркемесинин артыкчылыктары:
Жеке ишкерлерди аралыктан идентификациялоо жана онлайн шартында каттоодон өткөрүү;
Күбөлүк алуу;
Электрондук санариптик кол тамганы алуу;
Жеке ишкерлердин “Айыл банк” ААКсында акысыз эсеп ачуусу;
Комиссиялык төлөмүсүз QR-код боюнча төлөмдөрдү кабыл алуу;
Комиссиялык төлөмсүз нак акчага айландыруу;
Эсептерди акысыз тейлөө;
Салык төлөөчүлөрдүн карызы бар же жоктугун текшерүү;
ЭСФ боюнча төлөмдөрдү кабыл алуу;
ЭТТН кабыл алуу;
“Эсеп” мобилдик касса кызматын сунуштоо;
Онлайн шартында салыктык отчетторду берүү жана башка көптөгөн жеўилдиктер каралган.
Улуттук банктын лицензиясы № 048