Башкы беткеСаясат жана коомКоомКамчыбек Ташиев ишкерлер менен жолукту

Камчыбек Ташиев ишкерлер менен жолукту

Камчыбек Ташиев мурдагы Фрунзе заводунун аймагына барып, ал жакта бизнес кылган ишкерлер менен жолукту.

УКМК билдиргендей, СССР тарагандан кийин заводдун имараты сатылып, 61,2 гектар аянты талкаланып, менчикке өтүп кеткен. Азыр заводдун аймагында тиричилик химиясы, металл конструкциялары, типография, тигүү цехтери, пластикти кайра иштеткен, курулуш материалдарын өндүргөн 200гө жакын субъект иш алып барат.

2023-жылы УКМК заводдун жерлерин мыйзамсыз жоюу жана менчикке чыгаруу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда соттук иштер жүрүүдө.

Буга байланыштуу ишкерлер Камчыбек Ташиевди заводго чакырып, өздөрү өндүргөн товарлардын жарманкесин уюштуруп, түзүлгөн кырдаалды чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүшкөн.

УКМК төрагасы ишкердик субъектилерди колдоо, аларды криминалдык түзүмдөрдөн коргоо зарыл экенин билдирип, заводдун аймагы боюнча доо арыздарды сот органдары объективдүү карашы керектигин белгилеген.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар