Кыргызстанда балык чарба тармагын өнүктүрүү жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында бир катар санариптик платформалар жана маалыматтык системалар ишке киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, спорттук-ышкыбоздук балык уулоону сүйүүчүлөр үчүн иштелип чыккан «Электрондук балык уулоо билети» маалыматтык системасы учурда активдүү колдонулууда. Электрондук билетти министрликтин расмий сайты, MegaPay мобилдик тиркемеси, ошондой эле Кыргызстандын бардык банктарынын QR-код аркылуу төлөө кызматтары аркылуу алууга мүмкүн.
Ошондой эле «Балык чарба көлмөлөрүнүн жана балык чарба субъекттеринин бирдиктүү электрондук реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыгып, учурда колдонуу стадиясына кирди. Бул система аркылуу балык чарба субъекттери департамент тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды электрондук форматта ала алышат. Анын ичинде балык чарбасынын паспортун алуу жана балык өстүрүүгө байланыштуу биологиялык негиздемелер боюнча арыздарды онлайн берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Мындан тышкары, департамент «Балык жана балык продукциясына байкоо жүргүзүүчү маалыматтык системаны» иштеп чыгууда. Бул система аквакультура тармагында ветеринардык-санитардык талаптардын сакталышын камсыздоого жана өлкөдө өндүрүлгөн балык продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган. Аталган платформа икраны импорттоодон тартып, инкубациялоо, өстүрүү жана даяр продукцияны кайра экспорттоого чейинки бардык этаптарды санариптик көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Санариптик чечимдерди киргизүү балык чарба тармагындагы ачык-айкындуулукту камсыздап, чарбакерлер үчүн шарттарды жеңилдетип, тармактын натыйжалуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Департамент бул багыттагы иштер мындан ары да системалуу түрдө улантыларын белгиледи.

