Фермерлер 3% жеңилдетилген насыянын жемишин көрүп жатышат

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылында жайгашкан фермердик чарба мамлекеттин колдоосунун аркасында ийгиликтүү өнүгүп жатат.

Фермер Айыл чарба министрлигинин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан 3 пайыздык жеңилдетилген насыя программасынын алкагында «Айыл Банк» аркылуу каржылык колдоого ээ болгон. Алынган каражатка Россия Федерациясынан эт багытындагы абердин-ангус породасындагы асыл тукум уйлар алынып келинген.

Учурда фермердик чарбада малдын саны көбөйтүлүп, заманбап багуу ыкмалары колдонулууда. Ангус породасы тез семириши жана эт өндүрүмдүүлүгүнүн жогору болушу менен айырмаланып, аймактагы этке болгон суроо-талапты камсыздоодо маанилүү роль ойноп жатат.

Белгилей кетсек, фермер буга чейин да Айыл чарба министрлигинин колдоосу менен кооператив түзүп, айыл чарба продукциясын биргелешип өндүрүү жана сатуу багытында иш алып барып келген. Кооперативдик ишмердүүлүк фермерлердин кирешесин жогорулатып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана айыл аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө болууда.

Министрлик тарабынан көрсөтүлүп жаткан жеңилдетилген насыялар жана системалуу колдоолордун натыйжасында фермер чарбасы туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, эт өндүрүшүндө жакшы көрсөткүчтөргө жетишүүдө. Бул тажрыйба аймактагы башка фермерлер үчүн да үлгү катары бааланууда.

Айыл чарба министрлиги мындан ары да фермерлерди жана кооперативдерди колдоону улантып, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган программаларды ишке ашырууну көздөйт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз