Коргоо министрлигине 81 даана жаңы автотранспорт техникасы тапшырылды

Бишкек шаары, Т. Усубалиев атындагы аянтта 2026-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Коргоо министрлигине 81 даана автотранспорт каражатынын ачкычын тапшыруу аземине катышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атынан Коргоо министрлигин мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынган жаңы унаа техникалары менен куттуктады. Ал тапшырылган техникалардын арасында Кыргызстандагы «Тулпар Моторс» заводунда чыгарылган 19 даана JAC T-6 үлгүсүндөгү унаа жана 36 даана Chevrolet маркасындагы унаалар бар экенин белгиледи.

Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев Ата-Мекенди коргоо эң ыйык милдет экенин баса белгилеп, заманбап армия — салт менен технологияны айкалыштырган күч экенин айтты. Анын айтымында, бүгүн тапшырылган техникалар аскер бөлүктөрүнүн мобилдүүлүгүн арттырып, өздүк курамдын коопсуз жана ыкчам кыймылын камсыздайт.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы акыркы жылдары өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү кыйла чыңдалганын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бюджети 2018–2019-жылдарга салыштырмалуу 300 пайыздан ашык өскөн. Бул каражаттар материалдык-техникалык базаны бекемдөөгө, армияны заманбап курал-жарак жана техника менен камсыздоого, аскердик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.

Мындан тышкары, Коргоо министрлигинде санариптештирүүнүн биринчи этабы ийгиликтүү ишке ашырылып, документ жүгүртүү, жарандык кадрларды эсепке алуу жана аскердик каттоо процесстери иретке келтирилгени айтылды. Аскердик каттоонун электрондук системасы бир катар аскер комиссариаттарында пилоттук негизде киргизилип, жакынкы айларда кеңейтилет. Аскердик билеттерди санариптештирүү иши да башталган.

Социалдык коргоо чараларына токтолгон Адылбек Касымалиев аскер кызматкерлерине турак жай боюнча компенсациялар көбөйтүлгөнүн, ипотекалык шарттар жеңилдетилгенин жана жакын арада Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 900дөн ашык батир берилерин билдирди.

Маалымат үчүн:
Коргоо министрлигине берилген 81 даана техника төмөнкүлөрдү камтыйт:
– 36 даана Chevrolet Cobalt жүк ташуучу унаасы;
– 19 даана JAC T-6;
– 18 даана «Газель» фургону;
– 5 даана экипаж автобусу;
– 3 даана JAC Sunray кичиавтобусу.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз