Мамлекеттики аталып, анын расмий медиа органы болгон басылмалар мамлекеттен каржыланбай калганына туура чейрек кылым болду. Дүйнөдө сейрек кездешкен мындай практикага акыры Президент Садыр Жапаров чекит койду. Жаңырган жылдын алгачкы күндөрү Президент өзүнүн №1 Жарлыгы менен “Кыргыз Туусу” менен “Слово Кыргызстана” гезиттерин, “Байчечекей” балдар журналын жана “Ала-Тоо” адабий-көркөм журналын бириктирип, “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүн түзүү чечимин кабыл алды.
Өзүн өзү каржылайт деп өксүтүшкөн
Тарыхый чечим десек аша чапкандык эмес, басма сөздүн баркын билген, эки доорду көргөн акылгөйлөр менен медианын ролун түшүнгөн коомчулук дал ушундай баалашты. “Кыргыз Туусу”, “Слово Кыргызстана” гезиттери бир кезде гезит тукулжурап, шайы ооп, бийликтин керек учурда гана колдонгон куралы, калган убакта улагадан өйдө чыкпаган малайы да болуп келген.
«Кыргыз Туусу» Басма үйү жөнүндө 1998-жылы бекитилген Жободо «Кыргыз Туусунун» уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын өкмөтү саналат” деп белгиленген. Ошол токтом күчүндө. Уюштуруучу тарабынан уюштурулуп жаткан басма үйүнүн-гезиттин укуктук статусу жана каржылык булактары так аныкталбай калган. Уюштуруучунун функциялары жана жоопкерчилиги, гезиттин ыйгарым укуктары менен миссиясы даана белгиленген эмес.
Түпкүлүгү кандай максат көздөгөнү белгисиз, айтор ошол токтомдо «Кыргыз Туусу» чарбалык эсептеги, өзүн-өзү каржылоочу юридикалык жак деп аныкталып калгандыктан, өкмөттүк эсептелинген гезит ар кандай, ал тургай басылманын аброюна шек келтирген жолдор менен жан багууга ыктаган катардагы басылмага, медиа мейкиндикте конкуренцияга туруштук берүүгө дарамети аз жана экинчи же үчүнчү булактан маалыматтарды көчүрүп алып жайылтма алсыз субъектиге айлануу абалына кептелген. Ошентип, баалуулуктар аласалган өткөн доордо гезит бир аз буйдалып, басыгы акырындап, каражаттан каржалып, деми сууй түшкөн эле.
Жарлык медиага мамлекеттик мамиленин анык көрүнүшү
Маалымат коопсуздугу жана маалыматтык суверенитет, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн саясий-идеологиялык жактан камсыздоо, коомдук пикир үчүн айыгышкан күрөш сыяктуу проблемалар мамлекеттик медиа ресурстарынын, анын ичинде «Кыргыз Туусунун» ролун жогорулатуу, таасирин арттыруу жана кудуретин күчөтүү маселесин ого бетер актуалдаштырды. “Цивилизацияга кошулабыз”, – деп саркынды канализацияга кошулуп албайлы деп жарыктык Муктар Шаханов айткандай, терс кайрык үгүттөөлөргө, кесепети арбын идеологиялык таасирлерге коом кубаттуу мамлекеттик маалымат булактарынын жардамы менен гана туруштук берип, чакырыктарга татыктуу жооп кайтара алат. Буга тарыхый тажрыйба, учурда күч алган гибриддик кармаштар айкын далил.
Өлкө жетекчилиги муну мыкты билгендиктен жогорудагыдай тарыхый чечим кабыл алды.
XX кылымдын башында калыбына келген азыркы кыргыз мамлекетинин улуттук төл гезити, азыркы Кыргыз мамлекети менен тагдырлаш «Кыргыз Туусу» мамлекеттик басылма жана маалымат булагы катары өз функциясын аткарууга эми чындап шарт түзүлмөкчү. Азыркы кыргыз мамлекети менен киндиктеш «Кыргыз Туусу» медиа мейкиндикте күчтүү басылма, позитивдүү коомдук пикирди калыптандырууга жөндөмдүү, мамлекеттик саясатты маалыматтык жана идеологиялык камсыздоого жарактуу медиа каражаты болууга тарыхый шанс ыйгарылды.
Гезит коллективдүү пропагандист гана эмес, коллективдүү уюштуруучу, маалымат булагы гана эмес, жаратман демилгелердин ээси, позитивдүү окуялардын очогу болмогу абзел.
«Кыргыз Туусу» жаңылык таратуучу гана эмес, өзү да жаңылыктарды жаратууга, изги окуяларды демилгелөөгө, маданий-интеллектуалдык процесстердин чордонуна айланууга ниети бекем, дымагы бар, планы реалдуу. “Кыргыз Туусу” жалпы улуттук гезит деген статусуна шайкеш болууга тийиш. Гезит улуттун интеллектуалдык потенциалын жана жаратман энергиясын мобилизациялоого тийиш. Дал ушул максатта “Кыргыз Туусу” стратегиялык мааниге ээ маселелер, талылуу проблемалар боюнча талкууларды уюштуруп, объективдүү талдоолорду жүргүзүп, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн актуалдуу маселелери боюнча сунуштарды берип, татыктуу салым кошуусу абзел.
Кылым карыткан гезиттин тарыхый миссиясы, саясий мааниси, коомдук ролу, маданий жана идеологиялык озуйпасы бар. Кыргыз Республикасынын жетекчилиги чындап ишке ашырып жаткан жана жаңы баштала турган мега долбоорлорду, мыйзамдуу-
лукту бекемдөө ишин, коррупцияга каршы күрөштү, “Ынтымак Ордонун” өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана коопсуздугун бекемдөөгө, эл аралык аб-роюн арттырууга багытталган саясатын маалыматтык камсыздоо жана идеологиялык жактан коштоо биздин гезиттин башкы милдеттеринин бири.
Алмаз КУЛМАТОВ,
«Кыргыз Туусу» Басма үйүнүн директору-башкы редактору

