Трамп “Чоң жетинин” чукул саммитине катышпайт

АКШнын президенти Дональд Трамп Франциянын президенти Эмманюэль Макрон сунуштаган “Чоң жетинин” (G7) чукул саммитине катышпай турганын билдирди. Бул тууралуу ал Швейцариянын Давос шаарында өтө турган Дүйнөлүк экономикалык форумга сапарынын алдында өткөн брифингде айтты.

Трамптын айтымында, Давосто анын алдын ала пландалган көптөгөн жолугушуулары бар, анын ичинде Гренландия маселеси боюнча сүйлөшүүлөр да каралган.

«Мен бул кырдаалга түздөн-түз катышы бар адамдар менен жолугам», — деди АКШ президенти. Ал бул билдирүүнү Европа лидерлери менен болгон чыңалуунун фонунда жасады. Буга чейин Трамп АКШнын Гренландияны көзөмөлдөшү боюнча макулдашуу болбосо, Европа өлкөлөрүнө кошумча бажы төлөмдөрүн киргизерин эскерткен.

Ошондой эле Трамп Франциянын президенти тууралуу пикирин билдирип, Макронду «досум, жакшы жигит» деп атады, бирок анын президенттик мөөнөтү 2027-жылы аяктай турганын кошумчалады.

Брифинг учурунда АКШ лидери НАТОнун ролуна да күмөн саноо менен токтолду. Анын айтымында, АКШ альянска ири каражат жумшап келет, бирок союздаштар чындап эле зарыл учурда Америкага жардам береби деген суроо бар.

Мындан тышкары, Дональд Трамп АКШ үчүн Гренландия улуттук коопсуздук жагынан маанилүү экенин дагы бир жолу белгилеп, бул багытта канчалык алыска барарын «убагы келгенде билесиңер» деп жооп берди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз