Башкы беткеАба ырайыТөө-Ашууда кайрадан кар, чектөө киргизилди

Төө-Ашууда кайрадан кар, чектөө киргизилди

Бүгүн, саат 13:00дөн тартып Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу Сосновка көзөмөл-өткөрүү постунан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Министрлик тоолуу аймактарда жана ашуулар аркылуу каттам жасоону пландаган айдоочуларды унааларын кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырып, керектүү шаймандарды (кар чынжыры, күрөк ж.б.) ала жүрүүгө чакырат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар