IV Элдик курултайдын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды. Бул тууралуу Элдик курултайдын Улуттук кеңеши маалымдады.
Маалыматка ылайык, эки күнгө созулган курултайда 150 делегат сөз сүйлөп, алардын оозеки жана жазуу түрүндө берилген сунуш-пикирлери, ошондой эле президент тарабынан айтылган сунуштар резолюцияга киргизилди.
Кабыл алынган резолюциянын негизинде Элдик курултайдын катчылыгы тарабынан иш-чаралар планы иштелип чыгат. Андан соң аталган план президенттин администрациясы аркылуу тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлөт.
Элдик курултайдын Улуттук кеңешинин төрагасы Мамбеткерим Чекиров резолюцияда белгиленген багыттар боюнча мындан ары да иш-чаралар жүргүзүлөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, Элдик курултай коомдун маанилүү маселелерин көтөрүп, мамлекеттик органдар менен жарандардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган аянтча болуп саналат.


