Башкы беткеКурултай 2025IV Элдик курултай жогорку деңгээлде өтүп, ийгиликтүү жыйынтыкталды

IV Элдик курултай жогорку деңгээлде өтүп, ийгиликтүү жыйынтыкталды

IV Элдик курултай жогорку деңгээлде уюштурулуп, ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн Элдик курултайдын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, курултай эл менен түздөн-түз байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берип, жарандардын пикирлери жана сунуштары угулду. Курултай институтунун коомдогу орду жылдан-жылга бекемделип баратканы байкалууда.

«Делегаттардын өзүн алып жүрүү маданияты өстү. Эгер мурда негизинен жергиликтүү маселелер көтөрүлсө, быйыл улуттук деңгээлдеги көйгөйлөр да активдүү айтылды. Бул коомдогу аң-сезимдин өсүп жатканынан кабар берет. Аң-сезим өскөн сайын курултай институтунун мааниси артып, көтөрүлгөн маселелердин актуалдуулугу да жогорулайт. Келечекте мындан да олуттуу маселелерди көтөрөбүз деген ишенич бар», — деди мамлекеттик катчы.

Белгилей кетсек, Элдик курултай коом менен бийликтин ортосундагы ачык диалогду камсыздоочу маанилүү аянтча болуп саналат.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар