Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары — акимдер үчүн уюштурулган квалификацияны жогорулатуу программасынын жыйынтыктоочу этабы башталды.
Бул масштабдуу долбоор өлкөнүн бардык аймактарын камтып, эки этап менен өткөрүлүүдө:
- I этапта (13–16-апрель) Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынан 20 жетекчи окуудан өткөн;
- II этапта (20–23-апрель) Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан 15 аким билим алууда.
36 академиялык саатты камтыган курс практикага багытталган интенсивдүү тренингдер форматында уюштурулуп, Президенттин Администрациясынын, министрликтердин жана академиянын алдыңкы адистери тарабынан өткөрүлүүдө.
Окутуу программасында төмөнкү негизги багыттар камтылган:
- «Санарип аймак» жана e-Kyzmat системаларын колдонуу;
- жасалма интеллект жана «акылдуу» инфраструктура элементтери;
- муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри менен иштөө;
- инвестиция тартуу жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү;
- аймактык өнүгүүнүн каржылык механизмдери жана туризм;
- жер мыйзамдары жана коомчулук менен байланыш.
Мындан тышкары, программада антикоррупциялык саясат, гендердик теңчилик, долбоордук башкаруу, убакытты туура пландоо жана стресс-менеджмент боюнча сабактар өзгөчө орун алган. Ошондой эле окутууда Жусуп Абдрахмановдун мамлекеттик башкаруудагы мурасы мисал катары колдонулуп, “Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер” доктринасына өзгөчө көңүл бурулууда.
Программа соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, мындай окутуулар аймактарды өнүктүрүүгө жана жергиликтүү жетекчилердин натыйжалуу иш алып баруусуна өбөлгө түзөрү белгиленди.
