Башкы беткеМаданият жана адабиятМаданиятУлуттук тарых музейинде “Элдердин трагедиясы” көргөзмөсү ачылды

Улуттук тарых музейинде “Элдердин трагедиясы” көргөзмөсү ачылды

Улуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүү күнүнө карата “Жеңиш музейинин” “Элдердин трагедиясы” аттуу көргөзмөсүнүн расмий ачылышы болуп өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматында, иш-чараны

музейдин директору, профессор Жылдыз Бакашова ачып, ал өз сөзүндө көргөзмө согуштун драматизмин жана адамзат тарыхындагы оор сыноолорду терең чагылдырган долбоор экенин белгиледи.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Марат Иманкулов катышып, ошондой эле сөз сүйлөгөн расмий өкүлдөр “Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт” деген ураандын маанисин баса белгилешти. Алар согуштун трагедиясы адамзат үчүн чоң сабак болуп калышы керектигин белгилеп өтүштү.

Көргөзмөнүн алкагында согуштун жана Жеңиштин хронологиясын чагылдырган экспозициялар сунушталып, иш-чара “Группа крови” көркөм тасмасын көрсөтүү менен уланды.

Салтанаттуу иш-чарага ошондой эле Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакунов, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев катышты.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар