Башкы беткеМаданият жана адабиятМаданиятТөрөбай Кулатов тууралуу тасма тартуу сунушталды

Төрөбай Кулатов тууралуу тасма тартуу сунушталды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова мамлекеттик ишмер Төрөбай Кулатов тууралуу көркөм тасма тартуу демилгесин көтөрдү.

Анын айтымында, Кулатов сыяктуу тарыхый инсандар өтө сейрек кездешет.

Депутат белгилегендей, Төрөбай Кулатов Кыргыз Республикасынын Баатыры, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө чоң салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер болгон. Согуш жылдарында Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар советин жетектеп, 1945-жылдан 1978-жылга чейин Жогорку Советтин президиумунун төрагасы кызматын аркалаган.

Анын жетекчилиги алдында Чоң Чүй каналы, Бишкек–Ош жолу жана Быстровка–Рыбачье темир жолу сыяктуу ири долбоорлор ишке ашырылган. Ошондой эле айыл чарба, экономика жана өнөр жай тармактарынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар