Башкы беткеМаданият жана адабиятМаданиятБүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган эл аралык фестиваль өтөт

Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган эл аралык фестиваль өтөт

14–15-апрелде Бишкек шаарында СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына карата “Жаңы ысымдар” аталышындагы XI эл аралык студенттик театралдык фестиваль өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, фестиваль жаш таланттарды колдоого алуу, чыгармачылык тажрыйба алмашуу жана эл аралык маданий байланыштарды чыңдоону максат кылат.

Быйылкы иш-чарага Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжан мамлекеттеринен келген студенттик театр жамааттары катышат. Алар көрүүчүлөргө өздөрүнүн мыкты спектаклдерин тартуулашат.

Уюштуруучулардын айтымында, фестиваль жаш актерлор үчүн чоң сахнага чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп, маданий кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө болот.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар