Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыТрамп Европага катуу эскертүү жасады

Трамп Европага катуу эскертүү жасады

АКШнын президенти Дональд Трамп БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында сүйлөп жатып, Европага катуу эскертүү жасады. Ал өз сөзүндө иммиграция менен климаттык саясатты «эки баштуу ажыдаар» деп атап, бул факторлор Европа өлкөлөрүнүн тарыхый мурасын жана мамлекеттүүлүгүн жок кылып жатканын айтты.

Трамптын айтымында, көзөмөлсүз көчмөндөр агымы Европаны «чоң кайгылуу кырдаалга» алып келүүдө. «Эгер силер эч качан көрбөгөн, силер менен эч кандай байланышы жок адамдарды токтотпосоңор, өлкөлөрүңөр кыйрайт», — деди ал.

АКШнын башчысы өзүн Европанын тагдырына кайдыгер карабай турганын белгилеп: «Мен Америка Кошмо Штаттарынын президенти болсом да, Европаны ойлойм. Мен Европаны сүйөм, европалык элди жакшы көрөм. Бирок энергетикалык саясат менен иммиграция Европа өлкөлөрүн кыйратып жатканын көрүп, жүрөгүм ооруйт», — деп билдирди.

Ал эми европалык лидерлерге кайрылып, «Силер жакшы көрүнгүңөр келет, саясий жактан туура болгонуңар келет. Бирок ошол эле учурда өз мурасыңарды талкалап жатасыңар», — деп катуу сын айтты.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар