Кыргызстандык ишканалар Түштүк Кореяга эт экспорттой баштайт. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги маалымдады.
Мекеменин билдирүүсүндө айтылгандай, бир нече компаниялар, анын ичинде «Кыргыз Агрохолдинг» ААКында үлүшү бар кыргыз-кореялык биргелешкен ишкана менен кызматташуу боюнча келишим түзүлдү. Макулдашууга ылайык, тараптар этти биргелешип өндүрүп, даярдап жана термикалык иштетип, Корея Республикасына жеткиришет.
Келишимде сапаты эл аралык талаптарга жооп берген эт азыктарын экспорттоо, тиешелүү документтерди тариздөө жана кореялык импортёрлор менен кызматташуу каралган. «Кыргыз Агрохолдинг» ААК өз кезегинде ветеринардык жана уруксат берүүчү документтерди алуу процессине көмөктөшүп, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт.
Бул демилге Кыргызстандын айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө болот.

