Башкы беткеМаанилүү«Улгайган жарандарга көңүл буруу жана камкордук» бир айлыгы башталды

«Улгайган жарандарга көңүл буруу жана камкордук» бир айлыгы башталды

Кыргызстанда 15-сентябрдан 15-октябрга чейин «Улгайган жарандарга көңүл буруу жана камкордук» аттуу бир айлык башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Иш-чара КР өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 токтомуна ылайык өткөрүлүп, улуу муундун жашоо сапатын жогорулатууга, улгайган жарандардын кадыр-баркын сыйлоого жана камкордукту бекемдөөгө, ошондой эле коомчулуктун көңүлүн социалдык коргоо маселелерине бурууга багытталган.

Бир айлык алкагында өлкө боюнча социалдык, медициналык жана укуктук иш-чаралар, маданий-агартуу жолугушуулары, өз ара жардам көрсөтүү акциялары жана кайрымдуулук демилгелери өткөрүлөт.

Министрлик бардык жарандарды, коомдук уюмдарды жана бизнес-структураларды бул иш-чарага активдүү катышууга жана улгайган жарандарга камкордукту айлык маалында гана эмес, күн сайын көрсөтүүгө чакырды.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар