Жакында Баку шаарында “Түрк маданияты жана мурасы” фонду тарабынан чыгарылган “Түрк тилдүү өлкөлөрдүн улуттук музыкалык аспаптары” аталган китеп жарык көрдү.
Китепте түрк тилдүү элдердин арасында эң кеңири таралган жүздөн ашык салттуу музыкалык аспаптар жөнүндө кеңири маалымат камтылган. Китеп жалпы музыка таануучуларга, музыканттарга, фольклористтерге, органологдорго арналды.
“Түрк маданияты жана мурасы” фондунун президенти Актоты Райымкулова китептин бет ачар аземде сүйлөгөн сөзүндө аталган фонд Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин демилгеси менен Казакстан, Кыргызстан жана Түркия мамлекет башчыларынын колдоосу менен түзүлгөндүгүн белгиледи.
Ошондой эле, “Түрк маданияты жана мурасы” фонду түрк мамлекеттеринин бай маданиятын, мурастарын, көп кылымдык тарыхын коргоо, эл аралык дүйнөгө таанытуу жана келечек муундарга өткөрүп берүү багытында иш алып баруусун уланта берерин кошумчалады.
Долбоор Узаир Хажибейли атындагы Баку музыкалык академиясынын ректору, СССРдин жана Азербайжандын Эл артисти, профессор Фархад Бадалбейли жана Түрк маданияты жана мурасы фондунун биринчи президенти Гүнай Эфендиеванын жетекчилигинде жүзөгө ашырылган. Жыйнак Бакудагы «Elm və təhsil» басма үйүндө төрт – азербайжан, англис, түрк жана орус тилдеринде жарык көргөн.
Кыргызстан тараптан жыйнактын түзүлүшүнө КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Роза Аманова катышкан.
“Басмада кыргыздын жыгач ооз комуз, темир ооз комуз, добулбас, керней, сурнай, сыбызгы, чоор, чопо чоор, комуз, жетиген, кылкыяк сыяктуу улуттук музыкалык аспаптары тууралуу кенен маалымат берилди. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн улуттук музыкалык аспаптарынын изилдениши, түрк тилдүү элдердин ынтымагын бекемдөөгө да өзгөчө чоң салым кошот. Бул жыйнакка кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарынын кириши кубанычтуу окуя. Мен китептин түзүүчүсү катары өзүмдүн атымдан жана Кыргызстандын атынан “Түрк маданияты жана мурасы” фондунун президенти Актоты Райымкулова айымга терең ыраазычылыгымды билдирем. Ошону менен катар жалпы түрк элдерин 2025-жылдын июль айында өтө турган “Рух Санат” I Дүйнөлүк салттуу музыка фестивалына чакырам”, – деди Р.Аманова.
Эске салсак, өткөн жылдын соңунда Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Максат Мамытканов КР УИАнын Салттуу маданият жана искусствону изилдөө борборунун директору Р.Аманова, Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондунун төрайымы А.Райымкулова жана Азербайжан Улуттук консерваториясынын ректору С.Карими ж.б. менен жолугушуу өткөрүп, анда эки өлкөнүн ортосундагы илимий жана маданий кызматташтыктын келечеги талкууланган. Ошондой эле, быйыл Ысык-Көлдө “Рух Санат” деп аталган музыкалык фестиваль өтө турганы маалым болгон.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”