Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына жана Тынчтык келишиминин 90 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө өтүп жатат.
Эл аралык көргөзмөдө дүйнө элине белгилүү орус сүрөтчүсү Николай Константинович Рерихтин эмгектери коюлган. Белгилей кетсек, бул көргөзмө буга чейин Санкт-Петербург, Москва, Казань шаарларында өткөн. Ошондой эле, Россиянын Индиядагы элчилигинин колдоосу менен Индиянын борбору Нью-Делиде, кийинчерээк Химачел-Прадеш штатында, Куллу өрөөнүндө өткөн. Эл аралык сүрөт көргөзмөнүн эстафетасын Улуттук көркөм сүрөт музейи да кабыл алып, орус сүрөтчүсүнүн чыгармачылыгы менен жакындан таанышууга мүмкүндүк жаратты.
Николай Константинович Рерих – орус живописчиси, илимпоз, тарыхчы, археолог, саякатчы, философ жана коомдук ишмер болгон. Анын көркөм чыгармачылыгы тарыхый окуяларды жаратылыш менен айкалыштыра чагылдырууга умтулгандыгы менен айырмаланган. Аны планеталардын эволюциялык проблемалары жана окуялары, адамдын, жердин, космостун бирдиктүү системасындагы өнүгүү перспективалары ар дайым кызыктырган.
1918-1923-жылдары Н.К. Рерих чет өлкөдө (АКШда, Индияда) жашап, Борбордук жана Чыгыш Азия боюнча археологиялык экспедицияларга чыккан. Индия жана совет элинин достугун чыңдоодо да анын салымы чоң. Бүгүнкү күндө Рерихтин 400дөн ашуун чыгармасы СССР музейлеринде сакталуу. Николай Рерих бала кезинен тартып сүрөткө, археологияга, тарыхка жана Чыгышка кызыккан. Ал ырларды, аңгемелерди жазып, спектаклдерге катышкан. Николай Рерих – дайыма сүрөт тартуу чеберчилигин өркүндөтүп турган.
Ал эми көргөзмө Н.К.Рерих атындагы эл аралык борбордун кызматкерлери тарабынан даярдалып, ал көптөгөн бөлүмдөрдөн турат. Баштапкы жана алыскы чалуулар; Улуу Ата Мекендик согуш; Славян жери; Орто Азия (беш жылдык) жана Маньчжур (эки жылдык) экспедициялары; Индия жана Куллу өрөөнүндөгү жашоо; Гималай изилдөөлөрүнүн Урусвати институтун түзүү ж.б. бөлүктөр боюнча эмгектер даярдалган.
“Маданият сакталмайынча жана өнүктүрүлмөйүнчө, анын келип чыгышына кайрылбай туруп, адамзаттын андан аркы эволюциясы мүмкүн эмес. Маданияттын мейкиндигин кеңейтүү менен гана элдер келечектеги жаш муундарды эң мыкты тарбиялай алышат”, – деп айткан Н.К. Рерих.
А.АКИМБАЕВА