whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.03.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарМурдагы кинотеатр, азыр жаштар сарайы “Соң-Көлдүн” монологу

Мурдагы кинотеатр, азыр жаштар сарайы “Соң-Көлдүн” монологу

–  1987-жылы  курулуп бүтүп, пайдаланууга берилгенден баштап шаар тургундарынын жана меймандарынын сүйүктүү жайына айлангам. Нарын шаардык кинодирекциясына тиешелүү элем. 400 орундуу чоң жана 200 орундуу кичи залдарыма кирип кино көрбөгөн нарындыктар жок болсо керек. Ошентип 4 жылдан ашык жарандардын жарпын жакшы эле жаздым. Аңгыча айлардын бир айларында,  эшигиме кулпу салынып калды. Көрсө, башка заман келиптир. Ошентип, каңгырап ээн калдым. Ары-бери өткөн адамдардын көпчүлүгүнүн мени менен иши деле жок. Чанда бирлери гана – «кайран гана имарат, балким, заман оңолсо кайрадан калктын шатыра-шатман ордосуна айланаарсың» – дешип, кейип өтүп кетишет. Ошондой күндөрдүн биринде дат баскан кулпум жана кажып калган эшигим эптеп кыйчылдап ачылып, жоон топ адамдар кирип келишти. Бул 1998-жылдын аягы же 1999-жылдын башы эле. Алар бардык мүлктөрүмдү бирден санап чыгышты да, башка адамдар кайрадан кулпу салышты. Анткени мени кинодирекциядан алышып, Нарын шаарынын муниципалдык менчик департаментине өткөрүшүптүр. Бирок, экинчи келген жеримден деле жыргабадым. Эки жылдай четимен эскирип, үстүмөн жаан кирип, көрбөгөндү көрдүм. Анан 2000-жай айларында Нарын мамлекеттик университети кожоюн болду. Көп узабай багым ачылып, оңдоодон өткөрүлүп, негизинен жаштардын маданий сарайына айланып, 9 жыл алыма жараша кызматымды аткардым. Анан эле «жылан чакпай, жылкы теппей» 2020-жылда кайрадан эшигиме кара кулпу салынып калды. – Эмне болду, – деп кулак салсам, мени эми талаша баштаптыр. Беш жылга аяк басты, же иш Жогорку Соттон жыйынтыкталбай, же талашуу аягына чыкпай, минтип Лениндин эстелиги кошо кайтарышып, айтор айланамды чөп-чар басып, сырткы да, ички да кейпим кетип турган кербезим. Эми аягы кандай болот, билген жан барбы?- деп муңканып арманын айткан Нарын шаарындагы «Соң-Көл» жаштар сарайынын абалын билүүгө иликтөө жүргүздүк.

Көрсө, 2019-жылы Нарын облустук мамлекеттик кинодирекциясынын ошол учурдагы жетекчиси Күкүн Жээнбаева имаратты кайрадан кинодирекцияга кайтарып берүү тууралуу Нарын район аралык сотко доо арыз менен кайрылат. Ага КРнын өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги номер 241-токтому негиз болот. Токтомдо өлкө боюнча 38 кинотеатр тизмеленип, 14-болуп дал ушул “Соң-Көл” жазылат. 2013-жылы КРнын Жогорку Кеңеши токтом токуп, анда башка мамлекеттик ведомстволордун карамагына өткөрүлгөн кинотеатрларды кайтаруу тапшырмасы берилет. Айтор, эки тарап 7 жыл кармашып, акыры кайра-кайра соттошот. 2020-жылдын 3-сентябрында район аралык сот доогердин өтүнүчүн канааттандырбайт. Ошол жылдын 3-ноябрында облустук соттун коллегиясы аныктаманы күчүндө калтырат. Бирок даттануу Жогорку Сотко жеткен эмес жана арыздануулар басаңдай элек.

– Негизи кинотеатр кинодирекцияныкы болушу керек да. Туура, баягы кыйын учурларда эл кино эмес, кара жандарын эптеп багып калышпадыбы. Мына эми облустун бардык райондорунун борборлорунда кино-театрлар бар. Ат-Башы, Кочкор жана Чаекте кинотеатрлар чекчейте оңдолду. Бирок шаар болуп туруп Нарында жок, – дейт кинодирекциянын директору Замирбек Муканбетов.

Ал эми окуу жайдын жетекчилигинин пикири төмөндөгүдөй:

– Бул имарат толук кандуу университетке өткөрүлүп берилген. Бул азыр кино театр эмес, жаштар сарайы. Соттор болсо доогерлердин арыздарын канааттандырган эмес. Алгач 2000-жылдан тартып окуу жай тарабынан 6,5 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. Кийинки жылдары «Соң-Көл» жаштар сарайы үчүн жылына 338 миң сом каражат чыгымдалууда. Бул имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү тууралуу УКМК жетекчиси К. Ташиевдин тапшырмасы бар. Ага ылайык быйыл январда облус-тук өкүлчүлүктүн каты келди. Эми бул имараттын сейсмикалык туруктуулугун аныктоо үчүн биз (НМУ) Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту менен келишим түзүп, 286 миң 770 сом төлөнүп берилди. Алар келишип аныктамасын чыгарышат. Ошого жараша оңдоо жумуштары жасалышы мүмкүн, – деп билдирди НМУнун ректорунун милдетин аткаруучу Эсенбай Сарыкашкаев.

Күмөндөр УСУПТЕГИН

Редакциядан: Бул маселенин чоо-жайын тактоо максатында  Нарын шаарынын мэринин орун басары Элнура Чекировага кайрылганыбызда: “Өкмөттүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги №241 токтомун аткаруу боюнча, башкача айтканда, мамлекеттик ведомстволордун карамагына өтүп кеткен кинотеатрларды кайтаруу боюнча иш аракеттер көрүлгөн. Бирок, “Соң-Көл” жаштар сарайы окуу жайдын балансында калтырылган”,-деп билдирди.

   Ал эми НМУнун ректорунун милдетин аткаруучу Эсенбай Сарыкашкаев: “Соң-Көл” жаштар сарайы 2000-жылдын 30-июнунда №397 токтомунун негизинде бардык укуктук процедураларды сактоо менен Нарын шаарынын мэриясынын балансынан Нарын шаарынын мамлекеттик университетинин балансына өткөрүлүп берилген. Ошондой эле, Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан техникалык паспорт ыйгарылганын айтты. Кошумчалай кетсек, бул маселеге тиешелүү жактардын так фактыга негизделген маалыматын жарыялоого даярбыз.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар