Башкы беткеМаданият жана адабиятАдабиятКыргыз-индей жалпылыктары жөнүндөгү алгачкы китеп

Кыргыз-индей жалпылыктары жөнүндөгү алгачкы китеп

“Кыргыздар менен индейлерди (навахолорду) тарыхый, маданий жана антропологиялык салыштырма изилдөө” деп аталган китеп жарык көрдү. Бул китеп кыргыз-индей жалпылыктары багытында жазылган биринчи китеп.

Анда азыркы түрк элдеринин эң байыркыларынын бири болгон, 2225 жылдан бери кыргыз атын өчүрбөй, өзгөртпөй жашатып келе жаткан кыргыздар жана кыргыздарга генетикалык жактан өзгөчө жакын болгон айрым түрк элдери менен Америка Кошмо Штаттарындагы жергиликтүү навахо индей элинин ортосундагы антропологиялык окшоштуктар, жалпылыктар жөнүндө жазылган.

Бул китепти чыгаруудагы негизги максат – кыргыздар менен АКШдагы индейлердин жалпылыктарын көрсөтүү аркылуу окурмандын, илимпоздордун назарын бул темага буруу болгон. Себеби, Алтайдан Түндүк Америкага барып жайгашкан индейлердин атабаскан тобуна тиешелүү иңдей калк-тарында, ошондой эле, Американын түпкүлүктүү көпчүлүк калктарында кыргыздар менен окшоштукту, ортоктукту айгинелеп турган ого эле көп жалпылыктар бар экендиги таң калтырбай койбойт. Индейлердин жашоо образын, дүйнө таанымын, түшүнүктөрун изилдей келгенде, чындыгында эле, окшоштуктардын арбындыгы байкалган.

Кыргыздар менен индейлердин жалпылыктарын таануу аркылуу биз байыркы кыргыздарга мүнөздүү кээ бир маалыматтарды, өзгөчөлүктөрду кайрадан өздөштүрүү мүмкүн. Айрым жергиликтүү Америка элдеринин кээлеринин Алтайдан чыккандыктары илимде далилдүү маалыматтар менен коштолуп жаткан мезгилде авторлордо да изилдөө ойлору болгон эле.

Түндүк жана Түштүк Америкага тарап жашаган индейлердин тарыхын, маданиятын иликтөө аябагандай көп күчтү убакытты талап кылат. Тема чаржайыт болбосун деген максатта, иликтөөлөр АКШдагы индейлер менен чектелген. Алардын ичинен өздүгүн башка урууларга салыштырмалуу жакшы сактап калган навахолорду көбүрөөк иликтегенге аракет жасалган. Кыргыздар тараптан мисалдар берилип жатып, Енисей, Сибирдеги Кыргыз Каганатынын мурасчылары болгон калктарга тиешелүү маалыматтардан да пайдаланылган.

Авторлор бул китеп – кыргыз жана навахо элдеринин, Кыргызстан менен АКШнын жалпы калктарынын, эки мамлекеттин келечек өнүгүүлөрүнө, байланыштарына бир тамчы таяныч болот деген үмүттө.

А.АКИМБАЕВА

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар