whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.06.2025
22.3 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАдылбек Касымалиев Өзбекстандагы бир катар объектилерди көрүп чыкты

Адылбек Касымалиев Өзбекстандагы бир катар объектилерди көрүп чыкты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар объектилерди көрүп чыкты.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Ташкент облусундагы Борбор Азиядагы эң ири күн электр станцияларынын бири Riverside электр станциясына барды. ACWA Power компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан кайра жаралуучу энергиянын кубаттуулугу 200 МВт түзөт.

Адылбек Касымалиевге бул долбоор Өзбекстандын Улуттук электр тармагы менен 25 жылдык электр энергиясын сатып алуу келишими менен курулуп, ээлик кылуу, иштетүү, өткөрүп берүү модели боюнча ишке ашырылып жатканын айтып беришти.

Андан соң өкмөт башчы Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында уюшулган Өзбекстандын өнөр жай жана инвестициялык потенциалынын биринчи улуттук көргөзмөсүн көрүп чыкты.

Болжол менен 6000 чарчы метр аянттагы көргөзмөгө улуттук экономиканын 10дон ашык негизги тармактарынан, анын ичинде мунай химиясы, машина куруу, электротехника, курулуш материалдары, металлургия, фармацевтика, тамак-аш өнөр жайы жана башка 90го жакын компания катышууда.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилигинин имаратында болуп, ишмердүүлүгү менен таанышты.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар