whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомСадыр Жапаров Түркиянын элчисинен ишеним грамотасын кабыл алды

Садыр Жапаров Түркиянын элчисинен ишеним грамотасын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров 10-июнда Түркия Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкемди анын Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын башталышына байланыштуу кабыл алды.

Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк дипломатиялык миссиянын башчысын Ардактуу кароол тосуп алды. Сүйлөшүүнүн алдында Президентке ишеним грамотасын тапшыруу салтанаттуу аземи болду.

Кыргызстан менен Түркиянын өз ара аракеттенүүлөрү, анын ичинде соода-экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле парламенттер аралык кызматташуу маселелери талкууланды.


Мамлекет башчы элчини бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, ал кыргыз-түрк достугун жана өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого зор салым кошоруна ишенимин билдирди.

Президент Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелер бекем тарыхый, маданий жана руханий байланыштарга негизделгенин баса белгиледи. Ал ошондой эле өткөн жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын мамлекеттик сапары болуп, өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы барагын ачканын эске салды.

Өз кезегинде Мекин Мустафа Кемал Өкем эки өлкөнүн ортосундагы алакалар көптөгөн тармактарда – билим берүүдөн маданият жана саламаттыкты сактоо тармагына чейин ырааттуу түрдө тереңдеп баратканын белгилеп, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Соңунда президент Садыр Жапаров элчи Мекин Мустафа Кемал Өкемге дипломатиялык ишмердигине ийгиликтерди каалап, Түркия менен эки тараптуу кызматташуу мындан да жогорку деңгээлге көтөрүлөрүнө ишеним билдирди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар