Бүгүн, 28-октябрда Бишкекте Улуттук Банктын жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.
Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров дагы катышты. Ал банк кызматкерлерин жаңы имараттуу болушу менен куттуктап, төмөнкүлөргө токтолду:
«Биз бул жерге улуттук банктын жаңы имаратын ачуу үчүн чогулдук. Баарыныздарды жаңы имараттын ачылышы менен куттуктайм. 1993-жылдын 10-май күнү тарыхый күн болуп калды. Бул күнү улуттук валютабыз — сом жүгүртүүгө чыкты. Биздин акча бирдигибиз бүгүнкү күндө Борбор Азиядагы эң туруктуу акча бирдиги деп таанылды.
Мындан ары Улуттук Банк миң тоннага жакын алтынды сактай ала турган эл аралык талапка жооп берген жаңы кампалуу болду. Эми Улуттук Банк чет өлкөлөрдүн да алтынын сактап бере алат», — деди өлкө башчысы.

