Башкы беткеСаясат жана коомКоомСадыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга барды

Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга барды

Президент Садыр Жапаров 3-июлда иш сапары менен Азербайжан Республикасына барды.

Мамлекет башчысынын учагы Физули шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Азербайжан Республикасынын маданият министри Адиль Керимли жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин желектери илинген, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында ЭКУнун 17-саммитине, ошондой эле Азербайжан Республикасынын Агдам районундагы «Айкөл Манас» мектебинин расмий ачылыш аземине катышат.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар