2025-жылдын 26–28-август күндөрү Ысык-Көл областында «Ден соолук — адамдык потенциалдын негизи: коркунучтарды алдын алуу» аталышындагы III Эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат.
Конференция Кыргызстан, Россия, Өзбекстан жана Молдовадан келген эксперттерди глобалдык саламаттык сактоо чакырыктарын талкуулоо үчүн бириктирди. Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов видео кайрылуусунда жарандардын ден соолугу — өлкөнүн башкы байлыгы экенин баса белгиледи. Башкы баяндамачы катары Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев сөз сүйлөп, мамлекеттик саясатта оорунун алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо артыкчылыктуу багыт экенин көрсөттү.
Эркин Чечейбаев ден соолукка болгон салым өлкөнүн келечегине түздөн-түз инвестиция экенин белгиледи:
«Ден соолук — бул медициналык гана эмес, экономикалык категория экенин эстен чыгарбоо керек. Оорунун алдын алуу менен биз калктын эмгекке жөндөмдүү катмарын сактап калабыз. Бул — эл узак жашап, иштеп, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошот дегенди билдирет», — деди министр.

