Кыргызстандын 2024-жылдагы бюджети 34,3 млрд сом профицит менен аткарылды

0
15470

Кыргыз Республикасынын 2024-жылга карата консолидацияланган бюджети 2023-жылга салыштырмалуу 112,1 млрд сомго өсүп, 689,3 млрд сомду түздү. Жыл жыйынтыгында бюджет 34,3 млрд сом профицит менен аткарылып, өлкөнүн финансылык туруктуулугун жана бюджеттик саясаттын натыйжалуулугун көрсөттү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин кеңейтилген жыйынында билдирди.

Анын айтымында, республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 417,5 млрд сомду түздү. Кирешенин негизги бөлүгүн салыктык түшүүлөр камсыздап, алардын көлөмү 192,6 млрд сомго жетти. Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 38 млрд сомго көп.

Мындан тышкары, Бажы кызматы тарабынан 123,1 млрд сом чогултулуп, өткөн жылга караганда 11,6 млрд сомго өсүш катталды. Ал эми бюджеттин чыгашалары 383,2 млрд сомду түзүп, негизинен социалдык секторго багытталды.

2024-жылы социалдык тармакка жалпысынан 175,3 млрд сом бөлүнүп, каражаттар төмөнкүдөй тармактарга жумшалды:

  • билим берүү — 70,5 млрд сом;
  • саламаттыкты сактоо — 34,9 млрд сом;
  • социалдык коргоо — 61,1 млрд сом;
  • маданият жана спорт — 8,8 млрд сом.

Өкмөт социалдык тармакты каржылоону мамлекеттин негизги артыкчылыгы катары улантарын белгиледи.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз