Таластын төө буурчагын Дубайга экспорттоо боюнча иш жүргүзүлүүдө

0
4889

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Талас облусунда төө буурчак өстүргөн дыйкандарды колдоо боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу Биринчи радиого берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, күз айларында төө буурчактын баасы кескин төмөндөп кеткен учурда дыйкандарды колдоо максатында Министрлер Кабинети тарабынан 100 миллион сом бөлүнгөн. Аталган каражатка 1 миң тонна төө буурчак мамлекеттик сатып алуу аркылуу килограммы 95 сомдон алынган.

Министр дыйкандар үчүн күз мезгили өзгөчө жоопкерчиликтүү экенин белгилеп, бул маалда балдарын мектепке жана жогорку окуу жайларга даярдоо үчүн кошумча каражат талап кылынарын айтты. Мамлекет мындай кырдаалда дыйкандарды колдоосуз калтырган жок.

Ошондой эле Бакыт Төрөбаевдин маалыматына караганда, төө буурчактын баасы январь–февраль айларында дагы өсүшү мүмкүн. Учурда продукцияны Индия, Иран, Россия жана Түркия сыяктуу өлкөлөргө экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан тышкары, Таластын төө буурчагын Дубай рыногуна сатуу маселеси да активдүү талкууланууда.

Министр дыйкандарга төө буурчактан сырткары кант кызылчасын жана сафлор өстүрүүнү да сунуштады. Анын айтымында, сафлордон май, тоют жана саман алынат, ал мал чарбачылыгы үчүн баалуу азык болуп эсептелет. Учурда Кыргызстанда сафлор майын өндүргөн 50дөн ашуун чакан ишкана иштеп жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз