Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстанда жети айда 9,24 млрд кВт/саат электр жарыгы өндүрүлдү

Кыргызстанда жети айда 9,24 млрд кВт/саат электр жарыгы өндүрүлдү

Кыргызстанда 2025-жылы электр энергияны керектөө 18,9 млрд кВт/саат болот деп эсептелсе, электр жарыгын өндүрүү жети айда 9,24 млрд кВт/саатты түздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2025-2026-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык боюнча республикалык штабдын жыйынында айтты.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү бүгүнкү күндө 11,03 млрд метр кубду түздү, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз. Өкмөт эксперттер суунун агымына карата көрсөткүчтөр өзгөрүшү мүмкүн экенин айтып жатканын билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, Бишкек Жылуулук жлектр борборунда (ЖЭБ) 250,4 миң тонна көмүрдүн, 3,9 миң тонна мазуттун калдыгы бар. Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБтерине 27,5 миң тонна мазут керектелет.

Өлкөдө өндүрүлгөн электр энергия керектөөнү толук жаппайт. Ушундан улам Кыргызстан жыл сайын 3 млрд кВт/сааттан ашык электр жарыгын Түркмөнстандан, Өзбекстандан, Казакстандан жана Орусиядан сатып алат. Быйыл канча көлөмдү жана кайсы өлкөлөрдөн импорт кылары айтыла элек.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар