whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.12.2025
-6.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомТажикстанда мамлекет башчыларынын расмий жолугушуу аземи өттү

Тажикстанда мамлекет башчыларынын расмий жолугушуу аземи өттү

8-июлда Дүйшөмбү шаарындагы “Улут сарайынын” аянтында президент Садыр Жапаровдун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.


Мамлекет башчылары өз ара саламдашкан кийин Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Андан соң аскердик оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин ойноду. Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын урматына өзгөчө салтанаттуу саламдашуу жана сый көрсөтүү иретинде гимндер аткарылып жатканда 21 артиллериялык ок атылды.

Андан соң лидерлер ардактуу кароолдун катарын кыдырып өтүштү, мындан кийин мамлекет башчыларына тараптардын делегациялары тааныштырылды.

Расмий азем аяктагандан кийин лидерлер сүрөткө түшүү аземи үчүн «Улут сарайынын» фойесине өтүштү, андан соң тар курамдагы сүйлөшүүлөр залына киришти.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар