Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты.
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров негизги тармактарда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, сугат инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Учурда Жумгал районунда «Түгөл-Сай», Кочкор районунда «Шамшы» суу сактагычтары, ошондой эле Нарын районунда «Куланак» каналы курулуп жатат. Бул долбоорлор сугат жерлеринин аянтын кеңейтүүгө жана айыл чарбанын натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт.
Мындан тышкары, калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө. Ар кандай программалардын алкагында ондогон калктуу пункттар камтылып, жыйынтыгында аймактагы таза суу менен камсыз болуу деңгээли 85 пайыздан ашты.
Курулуш тармагында социалдык объектилерди — мектептерди, спорт залдарды жана административдик имараттарды куруу жана капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Өткөн жылы 15 объект пайдаланууга берилген, алардын катарында алты мектеп, спорт зал жана сегиз ишкана бар. Азыркы учурда дагы 46 объекттин курулушу уланууда.
Ошондой эле энергетика тармагында гидроэлектростанциялар, күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып, бул аймактын энергетикалык потенциалын жогорулатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.
Президент Садыр Жапаров сунушталган долбоорлорду жалпысынан колдоп, Нарын облусунун өнүгүшү системалуу жана туруктуу болушу керектигин белгиледи. Ал жакынкы убакытта калк үчүн конкреттүү жана сезилерлик натыйжаларга жетишүү зарылдыгын баса белгиледи.
Мамлекет башчысы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда ирригациялык жана сугат инфраструктурасынын маанисин белгилеп, бул тармакка артыкчылыктуу көңүл бурууну тапшырды. Ошондой эле мурда башталган бардык объектилер сөзсүз түрдө аяктоого тийиш экенин айтты.
Жол инфраструктурасы боюнча Президент өткөн жылдагыдан кем эмес көлөмдө жол куруу жана реконструкциялоо иштерин сапат стандарттарын сактоо менен аткаруу милдетин койду.
Курулуш тармагында узак мөөнөткө созулуп кеткен объектилер боюнча маалыматты уккан Садыр Жапаров бардык мындай долбоорлорду эки жыл ичинде бүтүрүү зарылдыгын белгилеп, бул иш жетекчилердин жеке жоопкерчилигинде болорун эскертти.

