Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Нарында ИИБдин жаңы имаратын ачты

Садыр Жапаров Нарында ИИБдин жаңы имаратын ачты

Бүгүн, 21-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нарын шаарында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн (ИИБ) жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө ИИБ кызматкерлери 1983-жылдан бери эски имаратта иштеп келишкенине карабастан, жүктөлгөн милдеттерди жоопкерчиликтүү аткарып келгенин белгиледи. Ал эми эки жыл мурда ички иштер министри Улан Ниязбеков жаңы имарат куруу боюнча сунуш киргизген.

Президенттин тапшырмасы менен бюджеттик каражаттар бөлүнүп, 1 жыл 7 ай ичинде заманбап төрт кабаттуу, жалпы аянты 1500 чарчы метрди түзгөн жаңы имарат курулуп бүткөрүлдү. Объект бардык зарыл шарттар менен камсыздалган.

Садыр Жапаров ошондой эле иш-чаранын алкагында Ички иштер министрлигине караштуу дагы 26 объект онлайн форматта ачылганын билдирди. Мындан тышкары, Нарын облусунда дагы 6 жаңы айылдык милиция бөлүмчөлөрү ишке киргизилди.

Президент жаңы айылдык бөлүмчөлөрдүн өзгөчөлүгүнө токтолуп, алар кызматкерлер үчүн кызматтык жана турак жай шарттарын бириктирген атайын долбоор менен курулганын белгиледи. Бул милиция кызматкерлерине ыңгайлуу шарт түзүп, алардын кызматка толук көңүл буруусуна мүмкүнчүлүк берет.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы ички иштер органдарынын ишинде санариптештирүүнүн маанисин баса белгилеп, видеокөзөмөл системаларын кеңейтүү, ошондой эле “Санариптик милиция” жана “Коопсуз өлкө” долбоорлорун өнүктүрүү коомдук коопсуздукту чыңдоодо маанилүү роль ойной турганын айтты.

Бул багытта Президент өлкө боюнча видеокамералардын санын 5 миңден 20 миңге чейин көбөйтүүнү жана аларды бирдиктүү мониторинг системасына интеграциялоону тапшырды.

Мамлекет башчысы жаңы имараттардын ачылышы коомдук коопсуздукту камсыздоону жаңы деңгээлге чыгарып, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатарына ишеним билдирди.

Иш-чаранын соңунда Садыр Жапаров ИИБ кызматкерлеринин иш шарттары менен таанышып, ардагерлер менен жолугуп, алардын көп жылдык кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар