Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАКШда өкмөт иши токтоп, авиакаттамдар кечигүүдө

АКШда өкмөт иши токтоп, авиакаттамдар кечигүүдө

АКШда республикачылар менен демократтар федералдык бюджет боюнча макулдашууга келе албай, өкмөттүн иши токтоп турат. Учурдагы шатдаун өлкө тарыхындагы эң узакка созулушу мүмкүн.

Мунун айынан АКШ аэропортторунда ондогон каттамдар кечигип же токтотулууда. Жарандык авиация башкармалыгы (FAA) кадр тартыштыгынан улам аба кыймылын жайлатууга аргасыз болгон.

Маалыматка караганда, 13 миңге жакын авиадиспетчер айлыксыз иштеп жатат, айрымдары жумушка чыкпай калууда. Бул аба каттамдарынын графигин сактоону кыйындап жатат.

Даллас жана Остин аэропортторунда каттамдар кечиксе, Хьюстон жана Вашингтон шаарларында да ушундай абал болушу мүмкүн. Бир гана дүйшөмбү күнү 2900гө жакын рейс кечиккен.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар