Башкы беткеМаанилүүЖол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө

Жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Учурда Суусамыр – Талас – Тараз жолунун Өтмөк ашуусунда, ошондой эле Бишкек – Ош жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар түшүп, жол тейлөө ишканалары кум-түз аралашмасын себүү жана тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Ошол эле учурда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө калууда.

Министрлик айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жол эрежелерин сактоого жана каршы тилкеге чыкпоого чакырды.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар