Башкы беткеМаанилүүАлдамчылык жана сот чечимдерин аткарбоо үчүн жазалар катаалдашты

Алдамчылык жана сот чечимдерин аткарбоо үчүн жазалар катаалдашты

Президент Садыр Жапаров алдамчылык аракеттерине жана соттун чечимдерин аткарбоого каршы жазаларды күчөткөн мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясы маалымдады.

Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анын максаты — алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүү, жарандар менен юридикалык жактардын укуктарын коргоону жакшыртуу.

КР Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык:

  • Алдамчылык кылмыштары (КЖКнын 209-беренеси) кылмыштын жаңы квалификациялык белгилери менен каралат: интернет аркылуу жасалган, эки же андан көп адамга карата жасалган, же кызматтык абалын пайдалануу жолу менен жасалган.

  • КЖКнын 58, 88 жана 92-беренелерине өзгөртүүлөр киргизилип, кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга же шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга жол бербөө белгиленди.

  • Сот чечимдерин аткарбоо үчүн (КЖКнын 370-беренеси) жаза 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейинки айып пул же 3–5 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө каралган.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар