Кыргызстанда экологиялык мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү. Бул тууралуу Экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-февралда президент Садыр Жапаров “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине кабыл алынган өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамга кол койгон, ага ылайык бир катар экологиялык талаптарды сактабагандарга айыптын өлчөмү көбөйтүлөт.
Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
— «Мамлекеттик экологиялык экспертизадан качуу же анын талаптарын аткарбоо» 209-беренесин бузуу жеке жактарга 15 миң сом, юридикалык жактарга 30 миң сом өлчөмүндө айып салынат.
Белгиленгендей, буга чейин мамлекеттик экологиялык экспертизадан качкандыгы үчүн жоопкерчилик каралбай, чарба жүргүзүүчү субъекттер мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун албай эле иш алып барчу.
Муну менен катар, өсүмдүктөрдү жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоону жөнгө салууга, ошондой эле өндүрүштүк коопсуздук чөйрөсүнө өзгөртүүлөр киргизилди.
— Жапайы өсүмдүктөрдүн түрлөрүн интродукциялоо жана климатташтыруу боюнча 254-беренеде айып пулдун өлчөмү жеке жактарга 10 миң сомго, юридикалык жактарга 28 миң сомго чейин көтөрүлгөн. Бул беренеде чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга ар кандай өсүмдүктөрдү патологиялык оорулар боюнча экспертизасыз алып келүүгө бөгөт коюлган.
— Токойдо жаныбарлар дүйнөсүн жок кылууну жөнгө салган 259-беренеде айып пулдун өлчөмү жеке жактарга 20 миң сомго, юридикалык жактарга 55 миң сомго чейин көтөрүлгөн.
— Өнөр жай коопсуздугу жаатында 274-беренеге ылайык, кооптуу өндүрүш объекттеринде иш жүргүзүүдө ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн айып пулдун өлчөмү жеке жактарга 10 миң сомго, юридикалык жактарга 35 миң сомго чейин көбөйтүлдү. Ал эми берененин экинчи бөлүгүндө айып пулдар 20 миң жана 50 миң сомго чейин көтөрүлгөн.
Эске салсак, бул берене боюнча айып пулдун көбөйүшү кооптуу өндүрүштөгү кырсыктардын алдын алууга багытталган. Маселен, 2022-жылы тоо-кен иштеринде 24 кырсык болуп, анда 27 жумушчу жаракат алган. Анын ичинен 16 адам оор жаракат алып, 11 адам каза болгон.
Мыйзам 2025-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.