Айыл чарба тармагынын чемпиондору аныкталып, кызыл килемден өтүштү

0
7177

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган “Агро Диалог – 2026” иш-чарасы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин базасында өтүүдө. Анын максаты – айыл чарба тармагындагы инновацияларды жайылтуу, дыйкандардын тажрыйба алмашуусун күчөтүү жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу.

Иш-чаранын алкагында 2025-жылдын жыйынтыгы менен “чемпион” аталган алдыңкы дыйкан-фермерлер салтанаттуу түрдө кызыл килемден өтүп, коомчулукка тааныштырылды. Тармактагы мыктыларга медалдар жана 25 миң сомдук сертификаттар министр Бакыт Төрөбаев тарабынан тапшырылды. Бул сыйлыктар жогорку көрсөткүчкө жетишкен эмгекчил дыйкандардын ийгилигин даңазалап, башкаларга үлгү болууну көздөйт.

Чемпион дыйкандар өз тажрыйбалары менен да бөлүшүштү.
Талас облусунун Манас районунан келген Талас Муратов өткөн жылы гектарынан 25 тонна калемпир алып, өсүмдүк өстүрүү боюнча чемпион аталды. Чүй облусунун Жайыл районунун дыйканы Аскар Токушев помидордон гектарына 1200 центнер түшүм алып, рекорд жаратты. Москва районунан келген Шамиль Магаза гектарынан 800 центнер сабиз өндүрсө, Баткен облусунун Лейлек районунун дыйканы Сеит Полотов пияздан гектарына 600 центнер түшүм алып, жогорку натыйжа көрсөттү.

Белгилей кетсек, “Агро Диалог – 2026” иш-чарасы 18–20-февралда агрардык университетте уланууда. Жыйынтыктоочу бөлүгү 21-февралда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп, ага Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышары күтүлүүдө.

“Агро Диалог” аянтчасы агрардык сектордогу мыкты тажрыйбаларды жайылтып, өндүрүш маданиятын жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган маанилүү диалогдук платформа катары бааланууда. Иш-чара дыйкандардын эмгегин баалоого, атаандаштыкты күчөтүүгө жана айыл чарбасын заманбап нукта өнүктүрүүгө салым кошот.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз