Санариптештирүүнүн алкагында Жогорку Кеңештин 90 депутатына планшеттер сатылып алынат. Бул тууралуу 18-февралдагы жыйында парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди.
Анын айтымында, ал президент Садыр Жапаров менен жолугуп, алдыдагы беш жылда парламентте жүргүзүлө турган иштер жана реформалар тууралуу маалымат берген. Спикер ошондой эле өкмөттө жана президенттин администрациясында санариптештирүүнүн негизинде чечим кабыл алуу ылдамдап, 1 млрд 205 млн сом үнөмдөлгөнүн белгиледи.
“90 планшет алуу боюнча тапшырма берилди. Жума күндөрү мыйзам долбоорлору жана башка материалдар сиздерге электрондук форматта жүктөлүп турат. Анда төрт папка болот: жалпы жыйындар, комитет отурумдары, депутаттык топтордун жыйындары жана ар кандай маселелер. Бул жакшы натыйжа берет”, — деди ал.
Марлен Маматалиевдин айтымында, бул кадам кагаз чыгымдарын кыскартып, иштин ылдамдыгын жогорулатат.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин 90 мандаттуу VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрында ишин баштаган. 12-февралда Нурланбек Тургунбек уулу төрагалык кызматын тапшырып, анын ордуна Марлен Маматалиев шайланган.

